Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү, алардын башка илимдер менен болгон байланыштары
Педагогика өсүп-өнүгүү жолунда анын айрым бөлүмдөрү билимдердин өз алдынча тармактарына бөлүнгөн. Мис., билим берүүнүн жана окутуунун теориясы (дидактика), тарбиялоонун теориясы, мектеп ишин уюштуруу жана аны башкаруу жөнүндөгү билимдердин системасы (мектеп таануу). Айрым окуу предметтерин окутуунун методикалары да педагогика тармактары болуп эсептелет. Бул методикаларга салыштырмалуу, дидактика жалпы методика, ал эми предметтик методикалар айрым (жеке) дидактикалар деп эсептелинет. Бирок, бул… Кененирээк »