Tag Archives: балалыгы

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар.