Tag Archives: Баялинов

КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВ

Касымалы Баялинов (1900-1980) совет доорундагы кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө белсемдүү эмгек сиңирген жазуучулардын бири. Айтылуу ‘’Ажар” повестинен баштап, К.Баялиновдун жазуучулук таланты жалпы журтчулугубузга кеңири таанымал болгон. Анын чыгармалары көп жылдардан бери орто мектептердин, жогорку окуу жайлардын окуу программаларына киргизилип окулуп, үйрөтүлүп келатат.

КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВ

Өмүрүнүн соңку жылдарында К. Баялинов өзүнүн жаштык чагы, бурганактуужыйырманчы жылдар, чыгармачыл курбалдаштары туурасында бир катар эскерүү, макалаларды жазган. Ошондой эскерүүлөрүнүн бирин жазуучу «Революцияуландары» деп атаган. Биздин оюбузча, ушул аныктаманы жазуучунун өзүнө, жекеадамдык жана чыгармачылык тагдырына, кыргыз адабияты үчүн аткарганвазипасына карата да колдонууга болор эле.

«АЖАР» Касымалы Баялинов

     Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу- түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот.

КАСЫМААЛЫ БАЯЛИНОВ

БАЯЛИНОВ КАСЫМААЛЫ (1902, Ысыккөл р-ну – 1979, Фрунзе ш.) –  эл жазуучусу (1968). «Биз ким элек, ким болдук” аттуу алгачкы ыры 1924-ж. Алма-Атада «Тилши” газетасында жарыяланган. Жазуучу ушундан кийин деле ыр жазууну уланта берген. Бирок, кара сөз м-н чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыг-лыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Жомоктук сюжеттин негизинде балдарга арналып жазылган «Түлкү  м-н суур” ж-а «Чабалекей м-н жылан” аңгемелери 1925-ж. жарык… Кененирээк »