Tag Archives: блог

Ысык-Көлгө «Титаник» сүзсө кандай болмок?

Ысык-Көлгө дүйнөдөгү ири кемелердин бири болгон титаник сүзсө кандай болмок, Ысык-Көл тууралуу сиз билбеген фактыларды жана абсурд аралаш кызыктуу эксперименттерди сунуш кылабыз. Ысык-Көлгө титаник сүзсө кандай болмок? Эң алгач Титаниктин көлөмүн тактай турган болсок узундугу 269 м, туурасы 28 м, ал эми Бийиктиги 18 жарым метр, 1911 жылы курулушу аяктап азыр 109 жашта болмок. Ал эми Ысык-Көл болсо… Кененирээк »

5 күн бою уктабай 875 чакырымды жүгүрүп өткөн адам дүйнөнү кантип таң калдырды?

Жер шаарыбызда жашоону өзгөрткөн окуялар байма бай катталып келет. Мындай окуялар адам баласына дем берип, шыктандырып, мыкты сезимдерди тартуулап, инсандык каситетин жогорулатат. Кызыгы, мындай окуялардын каармандары болуп карапайым, жөнөкөй инсандар чыга келет. Австралиялык жөө күлүк Клифф Янг жана 6 күндүк супермарафон тууралуу уктуңуз беле? Адам баласы 5 күн 6 түн, же 135 саат уктабастан жана тынбастан 875 чакырымды… Кененирээк »

«Көк бөрүнүн» экинчи бөлүгү тартылышы мүмкүн. «Көк бөрү» тасмасы тууралуу фактылар.

Азыркы тапта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлүп жаткан Көк бөрү кинотасмасы тууралуу фактыларды сунуштайбыз. Тасманын бюджети 30 млн сомду түзгөн.  Мынча каражатты тартуучу топ өзүлөрү табышкан.  Салыштыра кетсек мамлекет кино тартуу үчүн жылына 20 млн сом бөлөт.  Сценарийин тасманын режиссёру Руслан Акун 9 айдын ичинде жазып бүткөн. Чындыкка жакын болуш үчүн атайын топ түзүлүп көк бөрү оюну боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.  Тасманын даярдалышына баш аягы 1,5 жыл сарпталып, тартуу процесси 37 күндө аяктаган.  Тасма Ысык-Көл, Сары-Челек, Суусамыр өрөөндөрүндө тартылып, ага 50дөй актер катышкан  Бул фильм Спорт-драма жанрындагы эң алгачкы… Кененирээк »

Кыргызстан эмнеси менен дүйнөдө биринчи

Бүгүн Сиздер менен Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыктары тууралуу бөлүшкүм келди. Андыктан ыңгайлуу отуруңуз дагы сыймыктана бериңиз. Кыргызстан көлөмү боюнча 194 мамлекеттин ичинен 86 орунда турат. Сап башында турган Россиядан 86 эсе, ал эми Канада жана Кытай мамлекеттеринен 50 эсе кичинекей.  Ал эми Ямайка, Катар өлкөлөрүнөн 18 эсе,  Бахрейнден 298 эсе чоң. Элдин саны боюнча 110чу орунда турат. Эң… Кененирээк »

Дүйнөдөгү 10 таң калыштуу кесип

Дүйнө жүзүндө баш аягы 40 миңдей кесиптин түрү бар. Алардын айрымдары жоголуп бара жатса, айрымдары жаңыдан гана пайда болууда. Ал эми кээ бир кесиптер өзү өзгөрбөсө дагы заманга жараша супервайзер, мерчендайзер деген сыяктуу аттары өзгөргөн. Булардын ичинде Сизди таң калтыра турган, балким ичиңизди күйгүзө турган кесиптер дагы бар. Анда эмесе ушундай таң калыштуу кесиптер менен таанышыңыз. 1. Ажааткана… Кененирээк »