Tag Archives: боз үй

ЧАМГАРАК

ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн коюлат. Жалпы алганда Баскак кандайдыр көркөм оюм түспөлүндө берилет. Муну усталар кол жеткистей кармоодо.

ҮЗҮК БОО

«Боегун жакшы кандырган, Боосун терме чалдырган» (Жеңижок). Бул — боз үйдүн боочуларынын бири. Үйдүн үзүгүнөн (эки үзүккө төрт боо) уукту арта айлантып, керегенин билегине байлана турган боо. «Үзүк боо», «кереге чалгыч», «жабык баш боо» — булардын эни бирдей келет. Эриш жиптери өрмөккө бирдей түшөт. Мунун да «терме», «кажары» жана «беш кеште» кылып түшүрүү ыкмалары болот. Аны кара таар,… Кененирээк »

ҮЗҮК

«Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон» («Манас») «Үзүгүнүн жээгине, Үч эли кундуз койдурган». (Жеңижок). Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо, үзүк баш жагынан… Кененирээк »

УУК, УУК БОО, УУК УЧТУК

УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей… Кененирээк »

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз… Кененирээк »

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен… Кененирээк »

ТУУРДУК

ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2 м дей, туурасы 4,5—5 метрдей бычылат, ал көбүнчө төрт бөлүктөн турат. Буга көбүнчө эчки менен топоздун кылтагынан кара-… Кененирээк »

ТЕГИРИЧ

«Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз… Кененирээк »

ТАКТА

Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан- төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын жасалышы төр тактадай эле болот. Бийиктиги 45—50 см, туурасы 80—90, 100— 150 см ге чейин жетет. Төр тактасы… Кененирээк »

ӨРӨ КИЙИЗ

ӨРӨ КИЙИЗ — Боз үйдүн жабуусу. Түр салынбай, боёлбой, ак менен кара жүндөн калың жасалган кийиздин бир түрү. Өрө кийиз көбүнчө боз үйгө жабууга ылайыкталат. Ал күзгү жүндөн уютулуп, мунун бир жагы боз, экинчи жагы кара болсо ал сөзсүз бышырылат. Өрө кийиз өргөө тигүүдөн байкалат. Боз үйдүн өнүгүшүндө жүндүн мааниси өтө зор. Демек, үйдүн жабуусу анын боочулары жана… Кененирээк »