Tag Archives: бугу

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ – 19-к-дын 50-жылдарында Түндүк Кыргызстанда өткөн саясий окуя. Анын негизин бул эки кыргыз урууларынын өз ара жер ж-а бийлик үчүн күрөшү түзгөн. Жаңжалдын чагылышына 1854-ж. Ормондун айылында (Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү Аксуу деген жерде) өткөрүлгөн ордо оюну шылтоо болгон. Бугу уруусунун төбөлү Боронбайдын оюнчусу Чыйбыл оюнду утуш м-н бүтүп, бугулар тогуз бээден турган байгени жеңип… Кененирээк »

КЫРГЫЗДАРДЫН БИР БӨЛҮГҮНҮН ОРУСИЯГА ЫК АЛЫШЫ. БУГУ УРУУСУНУН ОРУСИЯГА ЫК АЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ.

XIX к. биринчи чейрегинде бугу уруусу Орусия империясынын Батыш Сибирдеги төрөлөрү менен элчилик алака кылып турган. 40—50-жж. мындай байланыштар андан ары уланган. Орусиялык соодагерлер кыргыз жергесинде ээн-эркин соодасатык иштерин жүргүзүшүп, ал аркылуу Чыгыш Түркстанган каттап турушчу. Кашкар тарапка каттаган соода кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин кыргыздар өз моюндарына алышкан. Ошол кездеги эң татаал тарыхый кырдаал, коңшу уруулар менен… Кененирээк »