Tag Archives: буюм

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен… Кененирээк »

ҮКҮК

ҮКҮК — жыгачтан жасалган ашкана буюму. Жыгач усталардын чеберчиликтерин баамдатаар үкөккө ар кандай тамак-аштар сактала турган. Ал — бир эсептен жыгач сандыкча. Муну кайыңдан, теректен, карагайдан, арчадан, жыгачтан, өрүктөн жана башка ушул сыяктуу ар түркүн жыгачтардан жасашат. Үкөк баштапкы абалын сакташы үчүн жыгач уста тактайды татынакай кургатат. Болжолдо, үкөктүн узуну 80—100—95—102 см, туурасы 40—50— 45—55 см болсо сыйда… Кененирээк »

ТЕГИРМЕН

«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл. Темир таштын үстүңкү бетине келсе, муну «бака» деп коет. Үстүнкү ташты айландыруучу астыңкы ташта «барасы» болот. Анын моюнуна… Кененирээк »

ЖАН АЯК

ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот. Ана жанаяктын «баласы» деп коет. Жанаяк жасоо үчүн чебер талды, тегеректи кырма идиштердей көлөмдө кыйып келип, ичин оё… Кененирээк »