Tag Archives: география

Территория, география и административное деление Кыргызстана

Территория, география и административное деление Кыргызской Республики Кыргызская Республика занимает северо-восточную часть Средней Азии. Она расположена в зоне пустынь на высоте от 500 до 7500 м. От морей ее отделяют огромные расстояния, а в окружении находятся обширные пустыни. К северу, западу и юго-востоку от республики находятся песчаные «моря» Кара-Кумов, Муюн-Кумов, Прибалхашья и Западного Китая. Кыргызстан — страна высоких… Кененирээк »

ГЕОГРАФИЯ

ГЕОГРАФИЯ, саясий – татаал интеграциялык процесстерди жана проблемаларды политология, география, экономика,  тарых ж. б. бир катар илимдердин айкалышуусунда изилдөөчү, учурдагы география илиминин багыты. Азыркы учурда Г.  с-нын жалпы кабыл алынган аныктамасы жок. Ал изилдеген проблемалардын чөйрөсү гана жаңыдан такталууда  (көптөгөн социалдык-экономикалык факторлордун, баарыдан мурда өндүргүч күчтөрдүн жана өндүрүш мамилелеринин  географиялык өзгөчөлүктөрүнүн спецификалык айкалыштары менен шартталган. Коомдук саясий, аймактык… Кененирээк »

АК-СУУ РАЙОНУНУН ТОПОНИМДЕРИ

Ар нерсенин түзүлүлүшүнѳ жана онүгүшүнѳ  жаратылыштын, коомдун, саясийѳзгѳрүүлѳрдүн мыйзам ченемдүүлүгү зор таасир этерии белгилүү. Андыктан кол башынан орун алган Ак-Суу аймагынын түптѳлүшүнѳ, калыптанышына да бир нече тарыхый маалыматтар, орчундуу себептер түрткү бологон.

ЖЕР-СУУ АТТАРЫНЫН ЛЕКСИКАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ЖАКТАН БӨЛҮНҮШҮ

Жер-суунун аты, конкреттүү обьектини билдирүү менен бирге, семантикалык жагынан кандайдыр бир маани бере тургандыгы талашсыз. Ачыгыраак айтканда, кайсы гана топонимди алып карабайлык, алардын ар бири өз алдынча эстелик чынында да, азырынча жана бүгүнкү күн үчүн гана белгисиз аттардын болушу мүмкүн. Бул толук түшүнүктүү, анткени көп аттар тарыхый окуялар, тарыхый өнүгүүнүн өзү менен тыгыз байланыштуу болуп, белгилүү бир өлчөмдө тилдик материалга негизделген тарыхтын күбөсү катарында кызмат кылат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ

Кыргызстандын аймагын 19-к-дын ортосуна чейин негизинен кыргыздар мекендеген. Алар көчмөн турмушта жашап, мал чарбасынан тышкары көмөкчү түрүндөдыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен да кесиптенишкен. Көчмөн кыргыздар сан жагынан анча көбөйө алган эмес. Анткени кыштын катаал күндөрүндө боз үйдөжашоо, саламаттык сактоонун өнүкпөгөндүгү, катуу кармаган жугуштуу оорулардын калк арасында жайылып турушу, балдардын өлүмүнүн арбын болушу калктын табигый өсүшүнө кедергисин тийгизген. Кыргыз элине сырттан кол салуулар, ички уруу аралык кагылыштар дагы калктын  көбөйүшүнө тоскоол болгон.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРОГРАФИЯСЫ ЖАНА РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Теңиртоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памирдин түн.-чыгышындагы бир аз аймакты ээлейт. Жеринин бети өтө татаал жана бийиктик абалы кескин өзгөрүлмө (400 мден 7000 мге чейин). Орографиясы кеңдик багытында катар-катар созулган бийик тоо кыркалар м-н аларды бөлүп турган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Аймагынын деңиз деңг. орт. бийиктиги 2750 м.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ

Кыргызстандын табияты менен таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан алгачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр менен эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңиртоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик… Кененирээк »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ПАМИР-АЛАЙДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫ

Орто Азиянын тарыхын изилдеп-үйрөнүүдө орус илими биринчи орунда турат. В. Бартольд орто азиялык элдерди тарыхый жактан изилдеп үйрөнүүгө негиз салгандан бери жарым кылымдан көбүрөөк убакыт өттү. Анын биринчи илимий сапары Жети-Суу менен Тянь-Шанда болгон, ал өзүнүн бүткүл өмүрүндө бул аймакка көп жолу кайрылган болсо да, анын тарыхы кийин В. Бартольддун илимий кызыкчылыктарынын борборунда турган эмес.