Tag Archives: жаз

Жаратылыш тууралуу ырлар

АЙГА Иоганн ГётеАй нурун чачып турат буАймалап токой, шиберди.Ай, укмуш! Ушул убактыАрттырат кубат-жигерди.Талаанын моокун кандырып,Таралат сенин нурларың.Элжиреп, анда, албырып,Эсиме түштү мурдагым.Өткөндүн кайгы-кубанчыӨзөктө жанат турбайбы.Келечек күтөт уланчу,Өткөн иш — демек кур кайгы.Ага бер, булак, ага бер!Мөңкүштөп, туйлап, талпынып.Бара бер, алга, бара бер!Кеткенди артка калтырып.Менде да болгон бир нерсеМерчемге, ойго жетпеген.Мертинип алып бир кезде«Эх!» дегем, кейип «эх!» дегем.Ага бер, булак,… Кененирээк »

Жаз жөнүндө ырлар

МАЙ ЫРЫ                      Иоганн ГётеЖараткан дүйнөЖагып тур мага!Жапжашыл нургаЖанып тур талаа!Бөрсөйөт бүчүрБөлөнүп гүлгө,Шуудурайт бадалШумдуктуу тилде.Жыргал-ой! Жыргал,Жүрөктө чалкып,Жер менен ааламЖашоого балкып,Махаббат, сүйүүМакмалдан азем!Кудурет жетпесКубатың сезем.Бөлөйсүң, минтип,Талааны гүлгө,Ажайып сезим,Алешем дүйнө!Айпери сулууАшыкмын сага!Аймачы беттенАшыксың мага!Аптыгат торгойАбага, ырга,Атылат болбойАлыскы кырга.Кучакка кысам,Кумарым сени.Жаштыгым мененСугарам сени.Жапжашыл жазды,Жашоону көрөм.Бакытым менинБакытка бөлөн!

Кыш жөнүндө ырлар

КышМына күз да учуп кетти,Кирип келди кыш дагы.Көрүнбөстөн учуп келди,Канаттуудай сыягы. Мына аяз кычырады,Көлмөлөрдү тоңдурду.Жаш балдарга кыш жыргалын,Белек кылып кол сунду. Укмуштуудай кооз чиймелер,Айнектерге тартылды.Аны көргөн кишилерди,Ал айран-таң калтырды. Кар айланып, жаайт, учат,Жер ак жабуу жамынат.Булуттардан күн көз кысат,Карда кыроо жаркырайт. С. Есенин.