Tag Archives: жазуучу

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев (1912-1995) да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү көр болгон.

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ

Таланттуу акын, драматург Жусуп Турусбеков (1910-1943) адабият дүйнөсүнө башка кыргыз акын-жазуучуларына окшошпогон өз жолу менен келген. 20-30-жылдардагы адабиятыбызга көз жүгүртсөк анда бир катар акындарыбыздын алгачкы чыгармаларында али такшалбагандык, фольклордук эстетиканы аң-сезимсиз ээрчүү сыяктуу белгилерди байкайбыз.

КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВ

Касымалы Баялинов (1900-1980) совет доорундагы кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө белсемдүү эмгек сиңирген жазуучулардын бири. Айтылуу ‘’Ажар” повестинен баштап, К.Баялиновдун жазуучулук таланты жалпы журтчулугубузга кеңири таанымал болгон. Анын чыгармалары көп жылдардан бери орто мектептердин, жогорку окуу жайлардын окуу программаларына киргизилип окулуп, үйрөтүлүп келатат.

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

Көрүнүктүу прозачы жана драматург Касымалы Жантөшев (1904-1968) 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн «Тепкедеги жаңы мектеп” деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедегн педтехникумда окуган.

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

Кытайга качып-бозгон кыргыздардын кайра өз жерине келүүсүнө мүмкүндүк ачып берген Октябрь төңкөрүшүп, анын эркиндик, теңдик деген идеяларын жан дили менен кабыл алып, жаны заманды жар салып ырдаган көрүнүктүү кыргыз акындарынын, жазуучуларынын бири Мукай Элебаев (1902-1944). Жаштайынан жетим калып, 1916-жылы көтөрүлүшчүлөр менен бирге Кытайга сүрүлүп, ар кимге малай жүрүп, эр жеткен М.Элебаев 19 жашка келгенде араң кат тааныйт.

НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВ

Кыргыз Эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун (1916-1996) чыгармачылык шыгы эрте ойгонгон. Энеси Арукенин кошокторун, Калмырза, Жаманкул, Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардын эл арасына кеңири таралган ырларын бала кезинде эле отуруштарда, эл чогулган жерлерде ырдап, өзү да ыр чыгарууга ынгызар болгон.

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

Кыргыз эл жазуучусу Токтоболот Абдумомунов (1922-1989) негизинен адабияттын бир жанрында — драматургия жанрында эмгектенип, ошол жерден көгөрүп, агарып, бүткүл совет өлкөсүнө таанымал драматургдардын катарына кошулган. Чыгармачылык үзүрлүү эмгектери үчүн ал «Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” (1972) наамын алып, «Сүйүү жана үмүт”, «Абийир кечирбейт” пьесалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауераты (1967) болгон.

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1969), Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги (1954), коомдук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулгаы. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай балалык чагында турмуштун далай кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Табигый таланты бар болочок жазуучу жаш кезинде эле энесинин айткан жомокторун, кошокторун кунт коюп угуп жүрүп, кат тааныгандан баштап эле адабиятка кызыгып,… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн… Кененирээк »

МУКТАР АУЭЗОВ

АУЭЗОВ МУКТАР (1897, Абай р-ну, 1961 – Москва) – казак элинин жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмер. Казак ИАнын академиги (1946), Казакстандын илимге эмгек сиңирген ишмери (1957), СССРдин көркөм адабият жаатындагы Сталиндик (1949), Лениндик (1959) сыйл. лауреаты. Чыг-лык жолун 1917-ж. «Эңли-Кебек” аттуу пьеса жазуудан баштаган, өмүр жолунда көптөгөн аңгеме, очерк, повесть, драма, роман ж. б. жаратып, бай мурас калтырган. Айрыкча анын «Абай… Кененирээк »