Tag Archives: жергиликтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ – тийиштүү аймактагы жамааттардын мыйзамдын чегинде, өз  жоопкерчилиги алдында, элдин кызыкчылыгынан, анын тарыхый, маданий жана башка жергиликтүү салттарынан келип  чыккан маанидеги иштерди, өкүлчүлүк, аткаруучу органдары аркылуу жана граждандардын түздөн-түз катышуусу менен  башкаруудагы ишмердиги жана укугу. Өз алдынча башкаруу болгондо белгилүү бир аймактын жергиликтүү жамааттары  жана өзүнүн бийлик-укуктары бар шайланма органдары юридикалык статуска ээ болушат.… Кененирээк »

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТАР

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМДОШТУКТАР – айылдык (кыштактык), поселкалык жана шаардык кеңештердин  аймактарында туруктуу жашаган калктын, жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучутескөөчү жана башка органдары аркылуу чечүү үчүн жалпы таламдарда бирикмеси. Жергиликтүү коомдоштук Кыргыз  Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баштапкы деңгээли болуп саналат. Жергиликтүү  коомдоштуктун өкүлчүлүктүү органдары – айылдык (кыштактык), поселкалык жана шаардык кеңештер, тике жана  жашыруун добуш берүү менен калк… Кененирээк »

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕР

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕР – тийиштүү аймакта жашаган граждандар тарабынан жалпы, тең, тике жана жашыруун  добуш берүү менен калк тарабынан 4 жылга шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү  органдары. Жергиликтүү депутаттарды шайлоо процессинин жүрүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын  негизинде аныкталат. Биздин өлкөдө жергиликтүү Кеңештердин үч деңгээли бар: баштапкы, базалык жана облустук.  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 92-статьясында белгиленгендей: жергиликтүү өз алдынча башкаруу … Кененирээк »

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ

Мыйзам тарабынан белгиленген укук тартибин бузган адамдарга карата мамлекеттик мажбурлоо чараларын колдонуу аркылуу калктын таламдарын ар кандай кол салуулардан коргоочу органдар укук коргоо органдары деп аталат.