Tag Archives: зергер

ЧАЧПАК

«Күмүштөн чачпак сооруңда, Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы). Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат

ЧАПКЫЛОО

ЧАПКЫЛОО — Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине даана… Кененирээк »

ТӨӨНӨГҮЧ

ТӨӨНӨГҮЧ — Төшкө тагылуучу кыз-келиндердин азем буюму. Төөнөгүч ар кандай формада жасалат. Ага зергерчиликтин ыкмаларынын бардык түрлөрүн пайдаланууга болот. Зергерлер мүнөздүү узанууда мындай бир ыкма бар. Алгач төөнөгүчтү күмүш зымдан жөнөкөй эшип, чыйрак чыйратып, дөшүгө салып, балка аркылуу жалпактайт. Анын эки түрү бар. Төөнөгүчтүн ортосуна ар түрдүү асыл таштар, айнек, пластмасса сымал жалтырак заттар коюлат. Ошол таштардын аймагына… Кененирээк »

ТОРЧОЛОО

ТОРЧОЛОО (тордоо) — чыйратылган күмүш зымды асем нускалоо. Бул — зергерчиликтин бир ыкмасы. Мында зым түрдүү жоондукта чыйратылат. Ал улам ичкертилип, чыйратылган сайын чеберчилик да артылып жүрүп отурат. Илгерки зергердин зым тарткычтарынан айырмаланып, бирок, түспөлү ага окшошуп, атайын заводдон жасалган өзүнүн аспабы бар. Демек, анын отуз беш тешигинен (эң ичкеси 0,3 мм, эң жоону 0,6 мм) улам өткөн… Кененирээк »

СЫЯ ТӨГҮҮ

СЫЯ ТӨГҮҮ (зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см дей учу бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боекту)… Кененирээк »

СӨЙКӨ (СЫРГА)

СӨЙКӨ (СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул — кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке төгүү», «тогуз төбөлөө», «Чапкылоо», «тордоо», «эшүү» «сомдоо» өңдүү негизги ыкмалары аркылуу жүзөгө ашат. Сөйкөнүн бир түрү «иймек» деп аталат.… Кененирээк »

СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ)

СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ) — Элдик зергерчиликте буюмду кооздоонун бир ыкмасы. Мында зергер күмүш зымды үшкүгө ченеп кесет. Жыгач көмүрдүн бетин кестик менен этият жонуп, тептегиз жалпактап, үшкүлүү шибеге (учу тоголок) аркылуу жалпак көмүрдүн бетин сыйда оюп, аны кыдырата коет. Үшкүгө ченеп кесип алган майда күмүштү көмүрдүн ошол чуңкурчаларына чымчуур аркылуу салып, анын үстүнө ошондой жалпак көмүрдү капкактайт. Ошол… Кененирээк »

МҮЙҮЗЧҮЛҮК

МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди чыгарышып, алар дүкөндөргө… Кененирээк »

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ

КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт. Зергерлер өзүлөрү мыктылап жасап, ширетип алган албарстай өткүр балкасы аркылуу кара темирге кыйма-чийме торчо сызык түшүрөт. Ага үлбүрчөктөй… Кененирээк »

КҮМҮШ БАЛКА

«Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан» (макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат, жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү, күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы тең чукулдук кейиптенген балка, бир башы тегерек, дөшүдөй уңгулуу балка, бир башы чукулдук өңдөнгөн балка, же бир башы… Кененирээк »