Tag Archives: калк

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН АССАМБЛЕЯСЫ – Кыргыз Республикасындагы массалык коомдук уюм. 1994-ж. 22-  январда Кыргызстан калкынын биринчи курултайында түзүлгөн. Мамлекеттик каттоодон 1994-ж. 11-мартта өткөн. Өзүнө  26 улуттук-маданий борборду бириктирет: славян фонду, «Чин-сон», «Очак», «Иттипак», «Фольстрат», «Оруз»,  «Астүрк», «Туган-Төл» ж. б. Ассамблеянын максаттары: коомду бириктирүүгө аракет, республикасынын бардык  жашоочуларын баш коштуруу, улуттар аралык достукту бекемдөө, калктын руханий жана маданий кайра жаралуусуна … Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ

Кыргызстандын аймагын 19-к-дын ортосуна чейин негизинен кыргыздар мекендеген. Алар көчмөн турмушта жашап, мал чарбасынан тышкары көмөкчү түрүндөдыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен да кесиптенишкен. Көчмөн кыргыздар сан жагынан анча көбөйө алган эмес. Анткени кыштын катаал күндөрүндө боз үйдөжашоо, саламаттык сактоонун өнүкпөгөндүгү, катуу кармаган жугуштуу оорулардын калк арасында жайылып турушу, балдардын өлүмүнүн арбын болушу калктын табигый өсүшүнө кедергисин тийгизген. Кыргыз элине сырттан кол салуулар, ички уруу аралык кагылыштар дагы калктын  көбөйүшүнө тоскоол болгон.