Tag Archives: Карач Дөө

«КАРАЧ ДӨӨ» тууралуу

«Карач дөө» жөө жомок түрүндө жашап, 1939-жылы биринчи жолу К. Акиев тарабынан ырга айландырылган. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Бул маалымат акындын эскерүүсүндө орун алып: «Бардык эле акындар жомокту ырга салып айтып жүрүшчү эле. Мен да бул жомокту ырга айландырдым»,— дейт. Ал айткан жомоктун нускасы колдо жок. Бирок «Карач дөөнүн» айрым окуялары али да калк ичинде сакталып калган.… Кененирээк »

«КАРАЧ ДӨӨ” ДАСТАНЫ

«КАРАЧ ДӨӨ”  –  дастан. «Карач дөө”  –  жөө  жомоктун нугунда 1939-ж. К. Акиев тарабынан ырга айландырылган дастан. Аны акын  өзү  да эскерет. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Чыгарманын негизинде «Болот” сыяктуу жөө жомоктун жаткандыгы мазмун жагынан салыштырууда ачык көрүнөт. Жомок боюнча  байдын кенжеси «балапан жүнү түшө элек, балтыр эти толо электигинен” пайдаланып, Кара дөө, Көк дөө, Кызыл дөө атасынын кара шаарын талкалап, калың малын айдап кетет.… Кененирээк »