Tag Archives: Кожожаш

КОЖОЖАШ

«КОЖОЖАШ» – кыргыз элинин эпикалык дастаны, кенже эпосторунун бири. К. мерген гана эмес, анын болжолдуу  курмандыгынан табийгат жиберген айыптоочусуна жана жазолоочусуна айланган Сур эчки да дастандын негизги  каарманы болуп эсептелет. Эпосто уруучулук түзүлүштөгү байыркы кыргыздардын диний-анимисттик жана тотемисттик  түшүнүктөрү ачык сүрөттөлөт. «К». эпосундагы негизги философиялык ойдун экологиялык саясатка мааниси өтө зор.

КОЖОЖАШ

Кожожаш жөнүндөгү баян доордун алгачкы баскычындагы элдин коллективдүү жашоо тиричилигинин көркөм баяны катары кабыл алынган. Жашоо үчүн табияттын ар түрдүү ситуациялык кубулуштарынан кутулуу жана жашоо тиричилигин улантууда табигый күчтөр менен күрөшүүнүн жолун издөөдө, адамдарды бирдиктүү күрөш жүргүзүүгө түрткү берген.

«КОЖОЖАШ” ЭПОСУ

«КОЖОЖАШ” – эпос. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы жөнүндө легенда-аңыздарды жараткан. Анткени, аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып,  өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз легендадан «Кожожаш” эпосу пайда болгон. КРУИУАнын кол жазмалар фондунда сакталган «Кожожаштын” Алымкул Үсөнбаевден, Сулайман Конокбаев менен Төлөмүш Жээнтаевден жазылган варианттары бар. Акындык… Кененирээк »