Tag Archives: коргоо

АТА МЕКЕНДИ КОРГОО

Медициналык же башка атайын даярдыгы бар 19 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер тынчтык мезгилинде аскердик каттоого алынышып, аскердик жыйындарга тартылышы мүмкүн. Согуш мезгилинде кыз-келиндер республиканын Президентинин чечими менен Куралдуу Күчтөрдүн көмөкчү жана атайын бөлүктөрүнө чакырылышы мүмкүн.

ЖАРАНДАРДЫН УКУГУН ЖАНА ЭРКИНДИГИН КОРГОО — МАМЛЕКЕТТИН МИЛДЕТИ

Жарандардын укуктары менен эркиндиктери Конституцияда жөн гана жарыяланып калбастан, ошол эле Конституция жана башка мыйзамдар тарабынан корголот жана алардын аткарылышы камсыз кылынат. Жарандардын укуктары жана эркиндиктери, биринчиден, мыйзамда бекемделиши менен, экинчиден, ошол жоболордун аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын түзүлүшү менен кепилдикке алынган.