Tag Archives: котормочу

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Жыйырмадан ашуун ыр китептерин жарыялап, жыйырмадай көп актылуу пьесаларды театрларга койдуруп, элдин алкоосуна ээ болгон Жалил Садыковдун поэтикалык жана драмалык чыгармалары идеялык-эстетикалык салмактуулугу менен бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын, театр искусствосунун тарыхына кошулган маанилүү салым болуп калды.

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

Таланттуу сатирик, акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913жылы Талас өреөнүндегү Ак-Чий деген жерде туулган, Октябрь революциясы, Совет бийлиги окууга, жашоого кеңири шарт түзгон мезгилде өсиүрүм курагына келип калган Райкан ошол кездеги башка кыргыз жаштары сыяктуу эле окууга, билим алууга умтулган.

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ (1911–1994 Түп р-ну)  –  котормочу, белгилүү  тилчи, окумуштуу. 1940-ж. Кыргыз Мамл. педагогикалык ин-тун бүтүргөн. 1961-жылдын өмүрүнүн аягына чейин Баласагын атн. КМУнун ага окутуучусу, доцент, ардактуу профессору болуп иштеп келген.  1933-ж. Т. Байжиев м-н бирге 3–4-класстар  үчүн кыргыз тилинин алгачкы окуу куралын чыгарган. 1949-ж. кыргыз адабияты б-ча биринчи окуулуктун автору болгон (Т. Байжиев авторлош). «Кыргыз адабияты. Орто мектептин 8-классы үчүн хрестоматия  –  окуу китеби” деп… Кененирээк »

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

ЖАКЫПБЕКОВ  Ашым ( 1935, Карабуура р-ну  –  1994, Бишкек)  –  прозаик, котормочу. 1958-ж. КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ж-дун биринчи аңгемелер жыйнагы 1961-ж. «Жаралуу көгүчкөн” деген ат м-н жарык көргөн. Ж-дун алгачкы аңгемелеринен тартып «Теңири Манас” романына чейинки чыгармалары, котормолору аркылуу өзүн кыргыз тилинин ой-чуңкурунун, нукура улуттук кайрыктарын терең өздөштүргөн, өтө чебер уруна билген мыкты стилист жазуучу катары тааныта алган. Анын чыгармаларынын ар бир… Кененирээк »

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ

КОЖОМБЕРДИЕВ  Турар (1941, Калинин р-ну  –  1989, Фрунзе)  –  акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын  лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө  жарыялана баштап, 1961-ж. «Көлчүктөгү  ай” деген балдар  үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган, бала психологиясын кылдат өздөштүргөн акын адабиятка келгендигин көрсөткөн. Анын ырлары  –  поэзия менен тартылган сүрөт, уйкаштыктары жеңил жана  ойлору метафоралуу, сүрөттөөлөрү… Кененирээк »