Tag Archives: Кыз Сайкал

«КЫЗ САЙКАЛ» тууралуу

«Кыз Сайкал» эпосунда окуя тээ алыстан башат алып, нойгут уруусунан чыккан Карача кандын кытай, калмактан келген жоолордон элин сактап, чеп куруп, жоокер курап, хандык милдетин адал моюндаганын баяндоодон башталат. Чыгармада элдин бирде тынч, бейпил, бирде чаңы асманга сапырылган согуштук жоокерчилик турмушу, жаратылыштын кооздугу реалдуу сүрөттөөгө алынган.

«КЫЗ САЙКАЛ» ПОЭМАСЫ

«КЫЗ САЙКАЛ” –  баатырдык поэма. Кыргыздын нукура элдик эпикалык чыгармаларынын ичинен «Кыз Сайкалды” окуясынын көп тармактуулугу, кенендиги, эпикалык мүнөздө берилиши, каармандардын эпикалык образдарынын сүрөттөлүшү, көптүгү (102 каарман катышат), көркөмдүк өзгөчөлүгү жагынан кенже эпос деп айтууга да толук негиз бар. «Кыз Сайкалдын” жанрдык мүнөзүн аныктоодо айрым  окумуштуулар кенже эпос (К. Артыкбаев, С. Кайыпов) деп жүрүшөт. Чындыгында бул типтеги чыгарма болгон «Жаңыл Мырза” эпос… Кененирээк »