Tag Archives: кыргыздар

БОРБОРДУК ТЕҢИРТОО КЫРГЫЗДАРЫНЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ

1863-ж. Борб. Теңиртоого чалгындоо тобу жөнөтүлүп, «Кашкар отряды» деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко колбашчылык кылган. Теңиртоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Атбашы, Акталаа, Тогузторо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моңолдор, чоңбагыш, бугу, тынымсейит ж.б. уруулар жашачу. Соңкөл, Солтонсары, Каракужур, Карасаз, Кеңсаз, Аксай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу мыкты жайлоолор болгон. Алардын айрымдарын Кокон ханы каратып, салык алып… Кененирээк »

БАШКЫР, БАШКОРТОСТАН КЫРГЫЗДАРЫ.

Бүгүнкү башкырлардын курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш ж-а чыгыш аймактарында 9–10-к. жашап келишүүдө. Башкортстандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-к. кыпчак толкуну м-н (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-к. Енисейден журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изил-дөөчүлөр белгилешкен. Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырлардын курамында табын, кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Табын этнониминин удаалаштары (параллелдери)… Кененирээк »

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ. Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун… Кененирээк »

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун жана башкалардын фундаменталдуу эмгектери ачык… Кененирээк »

МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА

«МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА» – «К ы р г ы з д а р д ы н к ы с к а ч а т а р ы х ы» – Октябрь социалисттик  революциясына чейинки доордогу кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-ж. Уфа шаарында  басылып чыккан китеби. Китеп кыргыз тилинде жазылган. Анда мусулман элдеринин санжыра-салты сакталып, ыр жана … Кененирээк »

КЫРГЫЗДАР

КЫРГЫЗДАР – улут; Кыргыз Республикасынын негизги калкы. К. Орто Азия жана Борбордук Азияда байыртадан бери  маалым түрк элдеринен болуп саналат. К. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан ж. б. Борбордук Азия мамлекеттеринде,  Кытай (Кызыл-Суу Кыргыз автономия областы), Афганстан, Пакистан, Түркия ж. б. өлкөлөрүндө да жашайт. Тили  боюнча К. түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (суннит) тутушат.  Жергиликтүү К.… Кененирээк »

XVI-ХVII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Тянь—Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети—Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети—Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Та‘рйх—и Рашиди» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда1541—1544-жж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат.

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ

Тянь-Шань деп аталган «асман тиреген» тоолордун кыйыры чексиз. Анын түбөлүк кар менен мөңгү баскан бийик чокулары тоолордун этек-жакаларын байырлаган элдердин миңдеген жылдарга созулган тарыхынын күбөсү. Тянь-Шань өзүнүн өрөөндөрү менен капчыгайларында өткөндүн даңазалуу маданияты жөнүндө эскерүүлөрдү сактап турат. Мында миңдеген жылдар бою ар түрдүү элдер жашап, турмуш-тиричилигин өркүндөтүшкөн, бул жерде чыгармачыл маданий турмуш булактай оргуштап кайнап турган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет103. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Энесай кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу.