Tag Archives: кыргыз тарыхы

БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ

БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок ш-нан 15 км түштүкбатышында, Дөңарык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архитектуралык мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана ш. деп илимге киргизилген. Жазма ж-а археол. булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-к.) жа М.Кашгаринин (12-к.) эмгектеринде эскертилген Баласагун ш. м-н салыштырышат.… Кененирээк »

БАЛАСАГУН

БАЛАСАГУН (туурасы Баласагын) – Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханийлер мамл-нин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору Мукаддаси Б.ш-н башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндаган. Махмуд Кашгаринин «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Б-дун 2-аты Кузордо деп да берилген. Б. ш-нда «Кутадгу биликтин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөн. Тарыхчылар… Кененирээк »

«ШУРА-И ИСЛАМ»

«ШУРА-И ИСЛАМ» (ар. «Ислам кеңеши») – 1917–18-ж. Түркстандагы диний-саясий уюм. 1917-ж. мартта Ташкенде түзүлгөн. Ага улуттук буржуазия, улутчул интеллигенция, мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген. «Ш.-и И.» убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин өкүлү болуп, жергиликтүү капиталисттердин ж-а жер ээлеринин кызыкчылыгын көздөп, Россиянын курамында Түркстан улуттукмусулман автономиясын түзүү ж-а менчик үчүн күрөшкөн. Анын бөлүмдөрү Түркстандын бардык шаарларында иш жүргүзгөн. «Ш.-и И-да»… Кененирээк »

ШОРОБАШАТ МАДАНИЯТЫ

ШОРОБАШАТ МАДАНИЯТЫ – б. з. ч. 4–1-к-га таандык археол. эстелик; Өзгөн ш-нан 10 км түштүкбатышта Жазы дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Шоробашат шаар калдыгынын атынан аталган. Жалпы аянты 70 га. Ш.м. үч бөлүктөн турат. Чыгыштан батышка карай уз. 3 км, туурасы 38 м, би-йиктиги 6 м чеп м-н курчалган. Калк жыш жайгашкан турак жайлардан ж-а шаардын борбордук сепилинен турат.… Кененирээк »

МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА

«МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА» – «К ы р г ы з д а р д ы н к ы с к а ч а т а р ы х ы» – Октябрь социалисттик  революциясына чейинки доордогу кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-ж. Уфа шаарында  басылып чыккан китеби. Китеп кыргыз тилинде жазылган. Анда мусулман элдеринин санжыра-салты сакталып, ыр жана … Кененирээк »