Tag Archives: кыргыз тили

ТОГУЗ КОРГОЛ

ТОГУЗ КОРГОЛ, тогуз кумалак – кыргыздын улуттук оюну. Аны 2 киши ойнойт. Оюн тутум б-ча башталат. Т.к-догу терминдер ар кайсы аймакта ар башкача аталат. Т.к. 2 тарабында 9дан 18 чуңкур үйү (уялары), ортосунда жанаша 2 чоң чарасы (казаны, казынасы) бар тактадан ж-а 162 корголдон (ташы) турат. Ойнолчу коргол катары орточо чоңдуктагы буурчактар, тоголок кесилген табылгы, арча, өрүк жыгачы,… Кененирээк »

Интонация жана тыныш белгилери

Адам баласы өзүнүн ой-пикирин, чындыкка болгон ар түрдүү мамилесин башка бирөөлөргө оозеки сүйлөө аркылуу да билдирери белгилүү. Сүйлөөдө сүйлөмдөрдүн синтаксистик жактан уюшулуш жолдору оозеки жана жазма тилде, негизинен, бирдей. Бирок айрым бир белгилери жагынан алар бири-биринен айырмаланат: оозеки сүйлөөдө жазма тилге караганда сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби эркинирээк болот; сүйлөм түзүлүшү жөнөкөй, кыска келет. Айтылуучу ойду, ар түрдүү ички… Кененирээк »

Тыныш белгилеринин жазма тилдеги милдети

Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери… Кененирээк »

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – ар кандай мамлекетте калктын улуттук составын эске алуунун негизинде иш кагаздарын  жана сот иштерин алып барууда, мектептерде окутууда, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, басма сөздө ж. б.  коомдук иштерде колдонулуучу тил. Демократмялык мамлекеттерде М. т. башка улуттук тилдердин өнүгүшүнө  тоскоолдук кылбайт, эч бир улут өз тилин башка элдердин өкүлдөрүнө таңуулообосу мыйзамда белгиленет. Кайра куруу  доорунда мурунку… Кененирээк »

КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ

Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын бир түрү. Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык маанидеги маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилет. Көңүл айтуу катын жазууда сөздөрдү кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга күч-кубат бергидей касиетке ээ… Кененирээк »

БАШ ТАРТУУ КАТЫ

Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учурларда жооп катары берилүүчү кат. Баш тартуу катын жазууда, себебин негиздөө жана түшүндүрүү керек. Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кайрылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн.   ҮЛГҮ:   Заказ алуудан баш тартуу каты Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери жөнүндө сөз… Кененирээк »

МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ

Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты. Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн. Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн башталат.   ҮЛГҮ:   «Акыл» акционердик коомунун төрагасына «Жаштык» кинотеатрынын жетекчилигинен Макулдук берүү каты 2011-жылдын 24-апрелинде саат 14:00дөн 18:00гө чейин ижаранын 50% төлөө шарты менен кайрымдуулук акциясын… Кененирээк »

КЕПИЛДИК КАТЫ

Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы бухгалтер.   ҮЛГҮ:   «Асыл» банктын башкармалыгынын төрагасы А. Ж. Жапаровго «Жайыл» дыйкан чарбасынын жетекчиси Р. Борбиевден   Кепилдик кат Дыйкан чарбага таандык… Кененирээк »

ӨТҮНҮЧ КАТ

Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр: – кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты; – текст; – тиркеме (зарылчылык болсо); – катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу; – датасы.   ҮЛГҮ:   Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими… Кененирээк »

ОТЧЁТ

Пландаштырылган иштердин, берилген тапшырмалардын аткарылышы, кызматка жана илимий изилдөөгө байланыштуу иш сапарлардын жыйынтыгы тууралуу иш кагазы отчёт болот. Отчёт кызматкер же жооптуу комиссиянын төрагасы (мүчөлөрү) тарабынан жетекчинин наамына жазылат. Отчётто аткарылуучу иш, аны аткарууда эмнелерге көңүл бурулганы, эмнелер аткарылбай калганы, кандай кемчиликтерге жол берилгени, эгер иш аткарылбай калса, аткарылбай калышынын себептери, кемчиликтерди жоюунун жолдору сунушталат. Мазмуну боюнча отчёт мезгилдүү иштер,… Кененирээк »