Tag Archives: Манас

БАКАЙ АТА БАТАСЫ

Айтулуу шумкар көздүү бол,Адам таппас сөздүү бол.Байсалдуу артык үзүлбөс,Бак баштаган күчтүү бол.Балага балтыр бешик бол,Бакытка ачык эшик бол.Улууну сыйлап жетик бол,Кичүүгө өмүр кешик бол.Аккан суунун шары бол,Балбандардын алы бол.Оорулууга дары бол,Опол тоодой кары бол.Кыдыр болсун жолдошуң,Кыйың күн башта болбосун.Ыйык тут Манас ордосун,Оомийин кудай колдосун!(«Кыргыз маданияты» гезитинен алынды)

КОШОЙДУН БАТАСЫ

Абакеңиз эр Кошой,Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,Жаратканга жалынып,Алакан жазды буркурап,Атпай журттун баарысы,Бата кылды чуркурап,Көп жыйылган өз ушул,Көпчүлүктүн көзүнчө,Кошойдун айткан сөзү ушул:Тилекти берсе бир Алла,Туулса мындан бир бала,Ургаачы болбой, эр болсун,Аюу болбой, шер болсун!Атышканын алсын деп,Күрөшкөнүн чалсын деп,Өлөңдүү жерди өрттөгөн,Өзүнөн пенде өтпөгөн.Тулаңдуу жерди тутантып,Туугандын баарын кубантып,Кара сууга кан куюп,Кайратын калк, эл туюп,Суу ордуна кан төгүп,Катылышкан душманын,Өгөөлөсүн темирдей,Акыры тууса… Кененирээк »

МАНАСТЫН БАТАСЫ

«Энеси суу кыргыздын,Атасы тоо кыргыздын»,Көрдүңбү сөздүн уңгусун.Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,Аркайган тоодо өскөн эл,Кирин карда жууган эл,Киндигин музда кескен эл,Заңкайган нечен тоо менен,Салгылашып келген эл.Ак элечек арсак тоо,Жалтырак муз, аппак кар,Жамбаштап жатып көнгөн эл,Малын карга жайган эл,Кыргыз деген неткен эл,Мөңгү суусун ичкен эл.Күркүлдөгөн, жыттанып,Күүлөнүп аккан суулардыКүн эмес, түндө кечкен эл,Таш жазданып көнгөн эл.Талашып салкын шамалды,Булут менен келген эл.Булуттуу тоонун… Кененирээк »

МАНАС

«МАНАС» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бул эпос болжол менен мындан миң жыл мурда калыптанган. Ошондон  бери ХХ к. орто ченине чейин кыргыздардын арасында муундан-муунга өтүп, ооз эки түрүндө айтылып келген. Элүүдөн  ашык варианттары бар. Бир эле манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «М». трилогиясы миллион ыр сабынан  турат. «М». дастанында кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, чарбасы, жоокерлик турмушу кеңири чагылдырылган. … Кененирээк »

«АЙКӨЛ МАНАС»

«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков, музыкалаштырган композитор К. Молдобасанов. «Айкөл Манас» драмасынын негизги өзөгүн Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары түзөт.… Кененирээк »

АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ

АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ — эпостогу салттык туруктуу чоң окуялардын бири. Алмамбет эпосто Манаска тете деңгээлде коюлуп сыпатталган каарман жана ага байланыштуу окуялар да баатырдын өмүр жолун кууп, кеңири планда баяндалат. Алмамбеттин туулушу жана балалык чагы — чыгарманын башкы каарманына мүнөздүү ыктар менен иштелип чыккан маанилүү бөлүм. Окуяда баатырдын өзгөчө төрөлүшүнө, бала чагына, эрдиктерине тиешелүү эпикалык салттык мотивдердин дээрлик бардык белгилери топтолгон: баатырдын… Кененирээк »

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ — эпостогу орчундуу өзөк окуялардын бири, туруктуу салттык окуялардын катарына кирген чоң бөлүм. Кыскача мазмуну Көзкамандар окуясына жакын окуя «Мажму ат-таварихте» да бар. Баатырга жакын тууганы, кээде жолдошу, аялы жана башкалар кастык кылып уулантып, андан укмуштуу түрдө аман калуу (кээде өлүп кайра тирилүү) жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет.

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ — эпостогу салттык туруктуу окуялардын өзгөчө кеңири белгилүүсү. Эпизод эл арасында кеңири тарагандыктан ар түрдүү вариациясы көп жолугат. Чыгарманын окуяларынын өнүгүш нугунда манасчылардын ою боюнча бул бөлүм өзгөчө маанилүү чоң окуянын — «Чоң казаттын» башталышына себеп болгон түйүн. Ошон үчүн «Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы» делет.

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар.

ЧОҢ КАЗАТ

ЧОҢ КАЗАТ — эпостогу негизги өзөк окуялардын бири. Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод, эпостун окуяларынын жалпы өнүгүшүндөгү кульминациялык чек. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат» делет. Эпостогу элге өзгөчө кеңири белгилүү эпизод болгондуктан бөлүмдүн өз алдынча айтылган варианттары да арбын. Айрыкча жети кандын чатагы, Алмамбет менен Чубактын жол талашканы, жылкы… Кененирээк »