АНАРГҮЛ Тажыбай кызы
АНАРГҮЛ Тажыбай кызы (1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. «Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К.… Кененирээк »