Tag Archives: Молдо

ТОГОЛОК МОЛДО

ТОГОЛОК МОЛДО (өз аты-жөнү – Байымбет Абдрахманов; 1860, Нарын өрөөнү, Куртка деген жер, азыркы Акталаа р-ну – 1942, ошол эле жер) – жазма акын, манасчы. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тар-биясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы атактуу Музооке ырчынын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат тааныган. Эл дарылап, бала окуткан. Низами,… Кененирээк »

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886, Аксы жергеси, Авлетим айылындагы Ойалма деген жер –1937, Аксы) – төкмө ж-а жазгыч акын. Үч айлыгында энеден, үч жашында атадан жетим калып, 12ге чыкканча эчки, кой кайтарып чоңойгон. Айылдагы Асан молдодон сабак алат. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуйт. Мечит, медреселерде мугалимдик кылган. 1923–28-ж. Айылдык комитетте катчы болгон.… Кененирээк »

МОЛДО НЫЯЗ

МОЛДО НЫЯЗ (1820–1896) – кыргыздын алгач жазгыч акындарынын бири. Кыргызстандын түштүгүндөгү Шаймерден  өрөөнүндө туулган. Кашгар шаарындагы медреседен билим алган. Атбашы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй  өрөөндөрүндө болуп, чыгармаларын элге окуп берген жана чыгармалары эл арасында таркаган. Бул аймактардан анын  кол жазмалары азыр да табылууда. М-дын бизге жеткен санат ырлары 2 миңден ашык саптан турат жана мазмуну боюнча  Орто… Кененирээк »

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1868–1917) – кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрүүнүндө  туулган. Анын 1911-ж. Казан шаарында араб ариби менен «Зилзала» эмгеги кыргыз элинин тарыхында басмага  жарыяланган алгачкы чыгармалардан болуп эсептелет. М. К. «Чүй баяны», «Керме тоо», «Канаттуулар», «Зилзала», «Кол  казал», «Кара Кочкор», «Кыз жигит», «Уй казал», «Жатакчылар», «Чүй канаттуулары», сыяктуу ырларында жана  поэмаларында табият, турмуш-тиричилик, жүрүм-турум,… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДОНУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ.

Заманыбыздын залкар акыны Т.Молдо биринчилерден болуп балдар үчүн чакан көлөмдөгү ырлардан тартып, көлөмү жагынан чоң элдик уламыштарды поэмаларга чейин иштеп, реалисттик эпикалык чоң чыгармаларга дейре жазган жазгыч акын. Кат-сабаты жоюлгандыктан өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө билген. Айрыкча анын балдарга арнап жазган чыгармалары акындын атын балдар адабиятынын негиздөөчүсү катары көкөлөтүп, кыргыз балдар адабиятынын тарыхында эң жаркын ысым катары кала… Кененирээк »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн. Азыр бул жер Нарын областы, Кочкор районуна караштуу «Осо-Авиахим» айылы. Бул айылдын мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары — Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, ал Төрөкелди уулунун бейити деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.

МОЛДО НИЯЗ

Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы административдик бөлүнүш боюнча Ош областындагы Кадамжай районуна караштуу КызылБулак кыштагынын Ак-Суу бою Ак-Кыя деген жеринде  туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген урукка кирет. Анын алтынчы атасынан наркы аталарына «бий» деген наам кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий,… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДРАХМАНОВ)

Жазгыч акын Тоголок Молдонун жарык дүйнөгө келиши кыргыз калкынын тарыхындагы кыйын кырдаалга туш келет. Уруулардын ортосундагы тынымсыз чыр-чатактан Цин провинциясынын, Кокон хандыгынын кысымынан жабыркаган кыргыз башкаруучулары Россия падышачылыгына кайрылууга аргасыз болот.

ТОГОЛОК МОЛДО

Тыйаншандын булагындай тунук, сонун таланттарды берген азыркы убактагы Кыргыз ССРинин Тыйаншан виллайетиндеги (облусундагы) Куланак деген жерде туулган, кыргыздын улуу акындарынан болуп саналган Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулунун) туулганына быйыл 100 жыл толуп олтурат. Тоголок Молдо деген атты жана атакты акын, өзүнүн кат таанып, билимдүү болгондугунан жана өзүнүн чыгармаларын кол жазма менен калкка таркаткандыгынан алган болучу. Акын узак өмүр… Кененирээк »

МОЛДО БАГЫШ

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886–1937, Аксы р-ну) –  төкмө жана  жазгыч, акын. Айылдагы Асан молдодон сабак алып аны: «Асан молдо устатым, Билимине канамын. Арапча жазып арипти, Такшалып күндө  барамын  –  деп ырга кошкон. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай  Ташдөбө  (Караван), Заркен, Жаңыкоргон, Наманган түрмөлөрүндө  жатып, андан кийин Сибирге (Каратандыга) сүргүнгө  айдалган. Сүргүндө  жүрүп Беломор каналын… Кененирээк »