Tag Archives: мыйзам

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы – Конституциялык  түзөтүүлөр жөнүндө 1994-ж. 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына  ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз  Респуб-ликасынын Конституциясына өзгөр-түүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп,  сунуштарды иштеп чыккан. Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана  республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде… Кененирээк »

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ БИЙЛИК

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ БИЙЛИК – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Мамлекеттик мыйзамдарды кабыл алуу М.  ч. б-тин негизги иши. Азыркы кездеги М. ч. б. парламентаризмдин өнүгүшү менен байланышкан. Алгач  парламенттердин бири – британдык, ал XIII к. пайда болуп, эки палатадан турган: общиналар палатасы – башында  рыцарлар жана бюргерлер ал эми бүгүнкү күндө жалпы эл тарабынан шайланган депутаттардан турат; лорддор палатасы … Кененирээк »

МЫЙЗАМ

МЫЙЗАМ – кеңири мааниде бардык нормативдик-укуктук актылар, мамлекет белгилеген жалпыга милдеттүү бардык  эрежелер. Укуктук мааниде мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлдүк органы тарабынан же жалпы калктын өз эркин  тикелей билдирүүсү аркылуу (мис. Референдум) кабыл алынып, өтө маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу  нормативдик акт. М. мааниси боюнча конституциялык жана жөнөкөй болуп бөлүнөт. Конституциялык М.  конституциядан, конституцияга өзгөртүү киргизүү максатында кабыл алынган.… Кененирээк »

МЫЙЗАМ

Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси камтылган ченемдик-укуктук акт. Мыйзамдар адамдардын укуктарын жана милдеттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат. Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси менен… Кененирээк »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.