КОНФЕССИОНАЛДЫК ПАРТИЯЛАР
КОНФЕССИОНАЛДЫК ПАРТИЯЛАР – католицизм, протестантизм жана ислам конфессийлеринин идеологияларынын базасында түзүлгөн жана аракет кылган партиялар. Бул саясий уюмдар өздөрүнүн теорияларын адам, анын дүйнөдөгү ээлеген орду жөнүндөгү диндик түшүнүктүрдүн негизинде, азыркы мезгилдеги социологиялык жана социалдык-экономикалык идеяларды пайдалануу менен иштеп чыгышат. К. п-дын катарына – христиан-демократтык партиясы (Италия), Христиандык-демократтык союз (1950-ж.) жана Христиандык социалдык союз (1945 ж.), (Германия) ж. б.… Кененирээк »