Tag Archives: республика

РЕСПУБЛИКА

РЕСПУБЛИКА (лат. republica – коомдук иш, мамлекет) – башкаруунун формасы. Мамлекеттик бийликтин жогорку  органдары же шайланышат, же жалпы улуттук өкүлчүлүк уюмдары тарабынан түзүлүшөт. Башкаруунун республикалык  формасы антикалык доордо монархияга альтернатива катары түзүлгөн. Капиталисттик жана социалисттик  мамилелердин өнүгүшү менен Жаңы жана Соңку жаңы мезгилде кеңири жайылган. Азыркы мамлекеттердин көбү – Р.  бүгүнкү күндө башкаруунун эки негизги формасы өкүм сүрүүдө… Кененирээк »

ПРЕЗИДЕНТТИК РЕСПУБЛИКА

ПРЕЗИДЕНТТИК РЕСПУБЛИКА – башкаруунун республикалык формасы. П. р-да президент шайлангандан кийин  олуттуу саясий өз алдынчалыкка ээ болот: Конституцияда көрсөтүлгөн өзгөчө абал болмоюнча кызматынан алынбайт  жана мөөнөтүнөн мурда кайра шайланбайт; парламентти чакырууга жана таркатууга конституциялык укугу болот;  АКШнын Конституциясына ылайык президент мин истрлер кабинетинин составын түзөт жана анын башчысы болот;  Франция Республикасынын жана Россия Федерациясынын Конституцияларына ылайык, жалпы шайлоолордун … Кененирээк »

ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА

ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА – башкаруунун республикалык формасы. Конституцияга (же өткөөл этапта –  монархтык бийликтен баш тартуусу, Улуу Француз революциясынын учурунда Уюштуруу чогулушунун токтому  сыяктуу актыларга) ылайык жогорку бийлик парламентке тиешелүү. Парламент өз алдынча министрлер кабинетин түзөт,  премьерди шайлайт, конституциялык көзөмөлдүн органдарын жана башка мамлекеттик институттарды дайындайт.  Эреже катары, азыркы П. р-да парламент президентти да шайлайт. Ал негизинен өкүлчүлүк жана… Кененирээк »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы) –  республиканын коомдук, саясий жана экономикалык түзүлүшүнүн негиздерин бекитет. Биринчи жолу 1929-ж. 30-  апрелде Кыргыз АССР Советинин II съездинде Кыргыз АССР Конституциясы кабыл алынган. 1937-ж. 20-мартта  республикалык Советтердин чукул чакырылган V съездинде Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган. Ушул  Конституциянын негизги принциптерин сактап, айрым толуктоолор, өзгөртүүлөр менен 1978-ж. 20-апрелде Кыргыз  ССРинин Конституциясы… Кененирээк »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

Дүйнөлүк экинчи согуш аяктагандан кийин дүйнө элдери Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) түзүшкөн, анын башкы максаты эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо жана чыңдоо, мамлекеттер ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү болуп эсептелет. Бир нече өлкөлөрдө эле адам укуктары одоно түрдө бузулса, бүткүл дүйнө кандуу согушка тартылып калышы мүмкүн экендигин фашизмдин мисалы ачыкайкын көрсөттү. Ал эми жер жүзүндөгү тынчтык кырдаал айрым өлкөлөрдө… Кененирээк »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК. БИЙЛИКТИ БӨЛҮҮНҮН ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 3-4-пункттарында Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы, эл өз бийлигин түздөнтүз, ошондой эле мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт деп көрсөтүлгөн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, укуктук, унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Республикабыздын негизинин бул башкы аныктамасын кандай деп түшүнүү керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТҮЗҮЛГӨНГӨ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК

Кыргыз республикасы түзүлгөнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу түшүнүк Кыргыз улуттук мамлекетинин калыптанышы жана түзүлүшү