ТОКТОГУЛ Сатылганов
ТОКТОГУЛ Сатылганов (1864, Кетментөбө өрөөнү, Сасыкжийде кыштагы – 1933, ошол эле жер) – кыргыз акыны, ойчул, композитор, комузчу. Кедейдин үй-бүлөсүнөн. Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган. Революцияга чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм Кабак жер болду») эмгекчи элди эзүүчүлөрдүн бетин ачып, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген. Ал эл тарабында туруп, алардын таламын талышкан,… Кененирээк »