Tag Archives: саясат

ТЕХНОКРАТИЯ

ТЕХНОКРАТИЯ (гр. techne – чебердик, устаттык, kratos -бийлик) – 1) белгилүү типтеги бийликтин теориялык  концепциясы; 2) бул концепциянын принциптерин практикалык иш жүзөгө ашыруучу, саясий режимдердин  мүнөздөмөсү; 3) башкаруунун жогорку функционерлеринин катарына кирген техникалык адистердин катмары. Т.  концепциясы техника, социалдык өнүгүүдөгү анын ролу жөнүндөгү теориялык элестерди өзүнө камтыйт. Ошондой эле  технологиялык детерминизмдин логикалык аяктаган вариантын көрсөтөт, Т. концепциясында борбордук… Кененирээк »

ТЕРРОРИЗМ

ТЕРРОРИЗМ (лат. terror – коркунуч) – саясий күрөштүн ыкмасы; саясий жана башка каршылаштарын коркутуу жана  басым көрсөтүү максатында эч нерсе менен чектелбеген, согуштук аракеттер менен байланышпаган зордук-зомбулукту  системалык колдонуудан турат. Т. өзүнө саясий ишмерлерди, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин жана  катардагы граждандарды өлтүрүүнү, жардырууларды, банктарга, курал-жарак складдарына кол салууну, самолетторду ж.  б. айдап кетүүнү камтыйт. Негизинен террористтер – стратегиялык жеңишке… Кененирээк »

ТЕОКРАТИЯ

ТЕОКРАТИЯ (гр. theos – кудай, kratos – бийлик — түздөн-түз кудайдын бийлиги( – мамлекеттин түрү; мамлекетти  башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт, ал эми чиркөөлүк иерархиянын башчысы жогорку диний  жана граждандык бийликке ээ. Т-лык мамлекетте жогорку бийлик үстөмдүк кылуучу чиркөөнүн (диндин) башчысына  таандык. Ал «тирүү кудай», «кудайдын жердеги элчиси», «биринчи диний кызматкер» ж. б. деп таанылат. Негизги  мыйзам… Кененирээк »

СТАТУС

СТАТУС – катмардын, топтун же индивиддин социалдык системадагы абалынын комплекстүү көрсөткүчү, социалдыкстратификациянын маанилүү параметрлеринин бири. С-тун негизги компоненттери катары: биринчиден, берилген  социалдык элементтин коомдогу позициясы анын объективдүү мүнөздөмөсүнүн (теги, жынысы, жашы, билими ж. б.)  улам келип чыгат; экинчиден, коомдун берилген позициянын орду, ролу жана мааниси жөнүндөгү элеси эсептелет.  Ушуга ылайык С. ардак, урмат, кадыр-барк сыяктуу категорияларда аныкталат, ал… Кененирээк »

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ (лат. sociolog – коомдук) – социалдык чөйрөнү жана социалдык мамилелерди теске салуу  боюнча мамлекеттин жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү; калктын турмуштук маанилүү керектөөлөрүн камсыз  кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Бул же тигил өлкөдө С. с-тын эффективдүүлүгү кандай даражада адамдын  жашоосу, анын эмгегинин жана эс алуусунун, тиричилигинин шарттарынын жакшыруусу, ден-соолугунун чыңалуусу,  аң-сезими менен маданияттын жогорулоосу, этностор жана инсандар аралык… Кененирээк »

СОГУШТУК САЯСАТ

СОГУШТУК САЯСАТ – мамлекеттердин, партиялардын, жана башка социалдык-саясий институттардын жалпы  саясатынын составдык бөлүгү; белгилүү саясий максатка жетүү үчүн куралдуу зордук-зомбулук каражаттарын түзүү  жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан. Саясий ишмердүүлүктүн өз алдынча жана өзгөчө түрү катары ХVIII–  ХIХ к. чегинде бөлүнүп чыкты. Бул мезгилдеги согуштар масштабдарынын бир кыйла өсүшү, мамлекеттердин  материалдык жана руханий ресурстарынын кеңири тартылышы, массалык армиялардын пайда… Кененирээк »

САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР

САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР (лат. interest – мааниси бар, олуттуу) – социалдык субъекттердин (индивиддер, топтор,  катмарлар, таптар) коомдун саясий турмушуна катышууга өздөрүнүн объективдүү мүмкүнчүлүктөрүн аңдап билүүсү;  өздөрүнөн абалын турукташтыруу же жакшыртуу максатында ушул субъекттердин саясий-башкаруу ишмердигине карай  идеалдуу умтулуусу. С. к. бир нече негиздери боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) алып жүрүүчүлөрү боюнча: улуттук,  этникалык, таптык, жамааттык; б) коомдук өнүгүүнүн агымдарына карата… Кененирээк »

САЯСИЙ КҮРӨШ

САЯСИЙ КҮРӨШ – ар түрдүү саясий күчтөрдүн жана алардын уюмдарынын (партия, профсоюздар, диндик жана  маданий бирикмелер, куралданган топтор ж. б.) өз ара аракеттеринде жана каршылашууларында көрүнгөн кызматташтык  (колдоо көрсөтүү, жардам берүү) жана атаандаштык (конкуренция) менен катар турган саясий ишмердүүлүктүн бир  формасы. С. к-түн негизинде саясий мамилелердин субъектилеринин: инсандын, топтун жана социалдык катмарлардын  кызыкчылыктары жатат. С. к-түн объектиси –… Кененирээк »

САЯСИЙ КОНЦЕПЦИЯ

САЯСИЙ КОНЦЕПЦИЯ (лат. conceptio – түшүнүк) – тигил же бул саясий институттун, саясий күчтүн саясатын  толук, системалык негиздөө. С. к. теориялык түшүндүрмө менен саясий практикалык өз ара байланыш формасы катары  чыгат. С. к. төмөндөгүдөй элементтерди өзүнө камтыйт: каралып жаткан маселе боюнча белгилүү болгон теориялардын  жыйындысы жана маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору; саясий институттардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо;  чечилип жаткан проблеманын… Кененирээк »

САЯСИЙ КОММУНИКАЦИЯ

САЯСИЙ КОММУНИКАЦИЯ – саясий ишмердүүлүктү ирээттештирген жана ага жаңыча маани берген, коомдук  пикирди жана граждандардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алган саясий социалдаштырууну  калыптандырган, саясий маалыматтарды берүү процесси. С. к. – бул бардык деңгээлдеги иңдивиддер менен топтордун  ортосундагы, өзгөчө жетекчилер менен аларга баш ийгендердин ортосундагы өз ара саясий маалыматтарды алмашуу  процесси. С. к-ны коомдун саясий системасы үчүн маанисин адамдын… Кененирээк »