Tag Archives: Семетей

МАНАС

«МАНАС» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бул эпос болжол менен мындан миң жыл мурда калыптанган. Ошондон  бери ХХ к. орто ченине чейин кыргыздардын арасында муундан-муунга өтүп, ооз эки түрүндө айтылып келген. Элүүдөн  ашык варианттары бар. Бир эле манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «М». трилогиясы миллион ыр сабынан  турат. «М». дастанында кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, чарбасы, жоокерлик турмушу кеңири чагылдырылган. … Кененирээк »

АКШУМКАР

АКШУМКАР — Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат кезинде уясынын кырында олтуруп, учуп бараткан кузгунду алам деп умтулуп кулап келе жатканда Алмамбет тосуп алып, кан баласы… Кененирээк »

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«Семетей» — кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал айтылуу «Манастын» уландысы эсептелип, үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү катары Манас баатырдын уулунун ысымы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан» кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиш стили жактан элдик оозеки чыгармачылыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит — элдин сезиминдеги сүйүктүү каарманы Манастын оор трагедиясын… Кененирээк »

«СЕЙТЕК» ЭПОСУ

«СЕЙТЕК”  эпосу  өткөн кылымдарда эле «Манас”  үчилтигинен  үзүндү-лөр кагаз бетине түшүргөн жана  бастылып чыгарган академик В. В. Радлов (1869-ж.) эл арасында Манас баатырдын  өзү  эле эмес, небереси Сейтек жөнүндө  да айтылаарын кабарлаган эле. Анын жыйнаган материалында «Сейтек” өзүнүн көлөмүнүн чакандыгына карабастан, (506 сап ыр эле)  сюжеттик схемасы боюнча  бүгүнкү колдо турган көпчүлүк варианттардан айырмаланбайт, анда туруктуу салттык сюжеттик канванын тулкусу дээрлик орун алган. Бул «Сейтек” эпосу «Манастын” ажырагыс бир… Кененирээк »

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«СЕМЕТЕЙ” –  кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал «Манастын” уландысы эсептелип,  үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү  катары Манас баатырдын уулунун ысмы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан” кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиши, стили жактан элдик оозеки чыг-лыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит  –  элдин сезиминдеги сүйүктүү  каарманы Манастын оор трагедиясын жеңилдетип, андан ашкан эпикалык көркөм образдын жаралышы… Кененирээк »