Tag Archives: согуш

БАТКЕН ОКУЯСЫ

Диний экстремисттердин тобу 1999-ж. август айынын башында эгемендүү Кыргыз Респнын түштүгүнө басып киришип, Баткен р-нунда өздөрүнүн лагерлерин курган ж-а аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Респ-нын мамл. бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын,… Кененирээк »

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ – белгилүү саясий максатка жетүү үчүн зордук-зомбулукту колдонуу  даражасы менен айырмаланышкан социалдык кубулуштар. Согуш өзүнүн маңызы боюнча – бул же тигил  мамлекеттердин (таптардын) саясатынын зордук-зомбулук каражаттары менен улануусу. Согуш саясий мазмунга ээ, ал  ички жана тышкы саясаттын бөлүгүн түзөт. Тарых, анын ичинде эки дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы көрсөткөндөй  согуштар, эреже катары, алдын-ала, узак убакыттар бою… Кененирээк »

ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

ГРАЖДАНДЫК СОГУШ – социалдык конфликтти чечүүнүн акыркы чегине жеткен курч формасы, бир мамлекеттин  чегиндеги улуттук группировкалардын, социалдык топтордун, таптардын ортосундагы бийлик үчүн уюштурулган күрөш.  Г. с. улуттук кризисти жеңүүнүн легитимдүү формалары жана каражаттарынын бардыгы сарпталып бүткөн учурда келип  чыгат. Тарыхта көптөгөн Г. с. белгилүү, анын ичинде династиялык, мис., Англиядагы Кызыл жана Ак розалар согушу  (XV к.). Анда Плантагенеттердин… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер… Кененирээк »

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ — аскердик демократия учурунда уруу союздарынын бийлик жүргүзүүчү уюму. Жоокерчилик доорлордун мүнөздүү салттары тарыхта гана сакталбастан, элдин оозеки чыгармачылыгында, айрыкча баатырдык эпосторунда кеңири сакталган. Элдик эпостордо бийликти жол башчылардын кеңеши — элдик чогулуш, аскердик жол башчы жүргүзгөндүгү чагылдырылган. К. Маркс баатырдык мезгилде афиналык грек урууларында бийликтин координацияланган үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши, 2) элдик чогулуш… Кененирээк »

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген… Кененирээк »

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ МАДАНИЯТ

Кыргызстандан интеллигенттеринин ичинен 15736 адам согушка жөнөтүлүп, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашышкан. Тылдагы окумуштуулар мекенди коргоого зарыл согуштук-экономикалык милдеттерди чечүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Согуш башталганда республикада 13 илим-изилдөө мекемелери иштеген. Аларда 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13 илимдин докторлору 45 илимдин кандидаттары болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде эле алар өздөрүнүн иштерин фронттун керектөөлөрү үчүн жумшай башташкан. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен… Кененирээк »

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ МАДАНИЯТ (1946-1964-жж.)

Согуштан кийинки мезгилде маданияттын өнүгүшүндө сталиндик административдик-буйрукчул система идеологиялык көзөмөлдөөнү күчөткөн. Ал үчүн калктын бир бөлүгүндө капиталисттик, феодалдык-уруучулук көз караш сакталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жүгүнүү, коммунисттик саясатты түшүнбөстүк маанай күчөп кеткен деген шылтоо ойлонулуп табылган. Партиялык жетекчи төбөлдөр өздөрүнүн бул пикирин ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө, «Чоңтурмуш» кино тасмасы жөнүндө» деген токтомдорунда негиздешкен. Бул токтомдор… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕРДИН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЭРДИКТЕРИ

Фашисттик Германия 1939-ж. дүйнөлүк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Полыпаны, Францияны, Бельгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югославияны, Грецияны басып алган. Натыйжада Германиянын экономикалык абалы, согуштук күчү чыңдалган. Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. Ал «Барбаросс» деп аталган планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941-ж. кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн толук… Кененирээк »

1918-1920 жж. ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

Келишпес мүнөзгө ээ болгон айыгышкан согуш 1918-ж. экинчи жарымынан башталып, 1920-ж. аягына чейин созулган. Бул согуш Түркстан аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, эң эле катаал формада жүргүзүлүп, айрым бир өзгөчөлүктөр менен өткөн. 1918-ж. жайында империалисттик мамлекеттердин аракеттеринин натыйжасында граждандык согуш күч алат. Ак гвардиячылар менен бириккен Англиянын, Франциянын, АКШнын жана Япониянын куралдуу кучтөру Совет бийлигин кулатуу үчүн согуш аракеттерин ачык… Кененирээк »