Tag Archives: Сыдыкбеков

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Өзгөчө бир социалдык-тарыхый шартта жаралган кыргыз жазма адабияты көркөм өнүгүштүн тарыхында сейрек кездешүүчү чапчаңдык менен калыптанды. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын башында гана алгачкы туундулары пайда болгон улуттук көркөм сөз өнөрү элүүнчү жылдардын ортосу — алтымышынчы жылдардын башында жанрдык системасы өнүккөн, адам баласынын жана коомдун көп кырдуу турмушу — көркөм чагылдыруунун ыкмаларын кадыресе профессионалдык деңгээлде өздөштүргөн адабиятка айланды. Арийне,… Кененирээк »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ» РОМАНЫ

«БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ” –  роман. Т. Сыдыкбеков чыгарманы 1943-ж. январь айында жаза баштап, айрым үзүндүлөрү согуш учурунда «Советтик Кыргызстан” газетасында жарык көргөн. Толук бойдон 1948-ж. басылып, 1949-ж. СССР мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. Романда Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы элдин патриоттук духу, баскынчыларга каршы күрөшүүдөгү  биримдиги, улуттар арасындагы ынтымак чагылдырылган. Чыгарманын сюжети бир эмес, бир топ каармандын тегерегинде  өнүгөт. Бирок, бул каармандардын… Кененирээк »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «КӨК АСАБА» ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«КӨК АСАБА” – тарыхый роман. Орто кылымдардын башындагы (6–8-к.). Енисей кыргыздарынын турмушун, сырткы баскынчылардын кол салуусуна каршы туруп, эпостун биримдигин жана  өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн жүргүзгөн күрөшүн эпикалык ыкмада көркөм чагылдырган чыгарма. 1971-ж. жазылып бүткөн, бирок көп жылдар боюу жарык көрбөй, 1989-ж. маалымдуулук учурунда гана басылып чыккан. Кыргыз элинин орто кылымдардагы тарыхы боюнча  маалыматтар өтө аз экендигин гана илимпоз… Кененирээк »

ТҮӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «ТОО АРАСЫНДА» РОМАНЫ

«ТОО АРАСЫНДА” – роман өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягында – отузунчу жылдардын башындагы окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, адамдардын образдарын, тиричилигин жана кулк-мүнөзүн, табият көрүнүштөрүн көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма. Анын эки китеби 1955–58-ж. жарык көргөн. «Тоо арасында” Т. Сыдыкбековдун 1937–38-ж. жарыяланган «Кең-Суу” романынын кайра иштелген варианты. Автордун чыгармачылыгында гана эмес жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын… Кененирээк »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1969), Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги (1954), коомдук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулгаы. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай балалык чагында турмуштун далай кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Табигый таланты бар болочок жазуучу жаш кезинде эле энесинин айткан жомокторун, кошокторун кунт коюп угуп жүрүп, кат тааныгандан баштап эле адабиятка кызыгып,… Кененирээк »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

СЫДЫКБЕКОВ Түгөлбай (1912, Түп району  – 1997, Бишкек) – көрүнүктүү кырг. жазуучусу, акын жана  коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын  эл жазуучусу (1968), КРУИАнын академиги (1954), Кыргыз Республикасынын эл Баатыры (1997). Чыгармачылык жолун 1930-жылдардын башында баштаган. «Күрөш” жана  «Баатырлар” аттуу алгачкы поэтикалык жыйнактары 1933-ж. жана  1936-жылдарда жарык көрүп, аларда жаштарды эмгекке, билим  алууга, жаңы коомду курууга үндөгөн, эл турмушундагы өзгөрүүлөрдү даңазалаган ырлар топтолгон. 1937–38-жылдарда Сыдыкбековдун «Кең-Суу” романынын эки… Кененирээк »