Tag Archives: ТАБИЯТ

ТААНЫМДЫН ТАБИЯТЫ (ЖЕ ГНОСЕОЛОГИЯ)

  Гносеология (грекче gnosis — таанып-билүү жана logos — окуу) — тааным теориясы, башкача айтканда, адам дүйнөнү кандайча таанып-билээрин, билим кантип жаралаарын, анын шарт-жагдайын жана чек-кыйырын иликтеген окуу. Термин катарына XVIII кылымда кошулуп, XIX кылымдын орто ченинен философиянын өзүнчө тармагы, бөлүгү иретинде карала баштаган. Иш жүзүндө таанымдын теориясы (гносеология) мындай ат ала электе эле, Байыркы грек философиясында тамырлап,… Кененирээк »

ААЛАМ, ТАБИЯТ (ЖЕ НАТУРФИЛОСОФИЯ)

Табият табигый илимдер — физика, химия, биология, астрономия ж. б. тарабынан изилденет. Ошол эле учурда ал философияны да кызыктырат. Себеби, адам табияттын курчамында жашайт, Ааламдын бир бөлүгү эсептелет.

ТАБИЯТ

ТАБИЯТ (Природа) — 1) кең маанисинде бүткүл дүйнөнү, андагы формалардын көп түрдүүлүгүн чагылдырган философиялык түшүнүк; материя, универсум, аалам түшүнүктөрү м-н бир катарда пайдаланылат. Т. аң сезимден сырткары ж-а ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулук. Анын баш-аягы жок, убакыт ж-а мейкиндик боюнча чексиз, тынымсыз кыймылдап ж-а өзгөрүп турат. Ошол себептен философияда Т. түшүнүгү нерсенин алгачкы маңызын (өзөгүн) да,… Кененирээк »