Tag Archives: Тилекмат

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН АДИЛЕТ, КАЛЫС БИЙЛИГИ

Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын ар бир уруусунун — бугу, дөөлөс, саяк, коңурат, катаган, мундуз, моңолдор, саруу, басыз ж.б., башкаруучу бийлери болгону менен, жалпысынан аларга Боронбай манап өмүрүнүн акырына чейин жетекчилик кылган. Ал абдан калыс, бардык урууларды тең санаган адам болгондуктан, бугуларга тиешелүү Ысык-Көл өрөөнүнө ооп келген элге жер берип, аларды кодулабай бооруна тартып, бардыгын бир жерде жашаган адамдар деп… Кененирээк »

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН ТЕК-НАСИЛИ

Тилекмат акенин тек-дареги жөнүндөгү маалыматтар оозеки айтылып келе жаткан санжыраларда гана кездешет. Ал тууралуу (тек-дареги тууралуу) өз мезгилинде жазылып калган юридикалык документтер жок. Санжыра демекчи, ал — кыргыз элинде оозеки тарых. Оозеки тарыхта кыргыз элинин байыртан бери башынан өткөргөн жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, башка элдер менен карым-катышы, эл ичинен чыккан өнөрпоздор — манасчылар, жомокчулар, акындар, ойчулдар, акылмандар, баатырлар, билермандар,… Кененирээк »