Tag Archives: Тоголок

ТОГОЛОК МОЛДО

ТОГОЛОК МОЛДО (өз аты-жөнү – Байымбет Абдрахманов; 1860, Нарын өрөөнү, Куртка деген жер, азыркы Акталаа р-ну – 1942, ошол эле жер) – жазма акын, манасчы. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тар-биясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы атактуу Музооке ырчынын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат тааныган. Эл дарылап, бала окуткан. Низами,… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДОНУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ.

Заманыбыздын залкар акыны Т.Молдо биринчилерден болуп балдар үчүн чакан көлөмдөгү ырлардан тартып, көлөмү жагынан чоң элдик уламыштарды поэмаларга чейин иштеп, реалисттик эпикалык чоң чыгармаларга дейре жазган жазгыч акын. Кат-сабаты жоюлгандыктан өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө билген. Айрыкча анын балдарга арнап жазган чыгармалары акындын атын балдар адабиятынын негиздөөчүсү катары көкөлөтүп, кыргыз балдар адабиятынын тарыхында эң жаркын ысым катары кала… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДРАХМАНОВ)

Жазгыч акын Тоголок Молдонун жарык дүйнөгө келиши кыргыз калкынын тарыхындагы кыйын кырдаалга туш келет. Уруулардын ортосундагы тынымсыз чыр-чатактан Цин провинциясынын, Кокон хандыгынын кысымынан жабыркаган кыргыз башкаруучулары Россия падышачылыгына кайрылууга аргасыз болот.

ТОГОЛОК МОЛДО

Тыйаншандын булагындай тунук, сонун таланттарды берген азыркы убактагы Кыргыз ССРинин Тыйаншан виллайетиндеги (облусундагы) Куланак деген жерде туулган, кыргыздын улуу акындарынан болуп саналган Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулунун) туулганына быйыл 100 жыл толуп олтурат. Тоголок Молдо деген атты жана атакты акын, өзүнүн кат таанып, билимдүү болгондугунан жана өзүнүн чыгармаларын кол жазма менен калкка таркаткандыгынан алган болучу. Акын узак өмүр… Кененирээк »