Tag Archives: Токтогул

ТОКТОГУЛ Сатылганов

ТОКТОГУЛ Сатылганов (1864, Кетментөбө өрөөнү, Сасыкжийде кыштагы – 1933, ошол эле жер) – кыргыз акыны, ойчул, композитор, комузчу. Кедейдин үй-бүлөсүнөн. Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган. Революцияга чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм Кабак жер болду») эмгекчи элди эзүүчүлөрдүн бетин ачып, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген. Ал эл тарабында туруп, алардын таламын талышкан,… Кененирээк »

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ

Токтогул Сатылганов замандардан келаткан төкмөлүк өнөрдүн залкар өкүлү. Бул өнөрдүн жаңырык издерин элдик уламыштардан, үрп-адаттардан табууга болот жана ал эл тарыхынын узак жолунда тынымсыз өнүгүп-өсүп, элдин кайгы-кубанычын, үмүт тилегин билдирип адептүүлүктүн, адамгерчиликтин, жүрүм-турумдун жарчысы болуп келди.

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ

ТОКТОГУЛ Сатылган уулу (1864–1933, Кетментөбө өрөөнү, Токтогул району ) – ойчул, ырчылар поэзиясынын классиги, элдик композитор-комузчу. Карапайым үй-бүлөдө туулган. Айтууга караганда атасы Сатылган, апасы Бурма да жандуу сөз өнөрүнө ышкылуу болушкан экен. Болочоктун чоң ырчысы он үч жашынан айылындагылардын көңүлүн өзүнө бура баштаптыр. Токтогулдун алгачкы жекече үйрөнчүк көнүгүүлөрү, же айрым темаларга кайрылуусу, мис., ага ыйгарылып жүргөн «Жокчулуктун айынан»,… Кененирээк »

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ (14 к-да жашап өткөн) – легендарлуу манасчы, төкмө акын. «Манас» эпосун эң алгач ким айтканы илимге азыр белгисиз. Эл ичинде уламыш боюнча  кырк чоронун көрүнүктүүлөрүнүн бири «Ычкыры бапик кырк  мууну, Ырамандын Ырчы уулун (өз аты Каратай) Манас каза болгондо, анын эрдигин, эл-журтка сиңирген эмгегин, кылган кызматын кошок кылып айткан экен. Кийинчерээк ошол кошокторду жана  эл оозунда айтылып келе жаткан аңыз… Кененирээк »