Tag Archives: Токтомушев

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев (1912-1995) да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү көр болгон.

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

А. Токтомушев 1912-жылы 15-июлда азыркы Кемин районундагы Чоң-Кемин кыштагында батрактын үйбүлөсүндө туулат. Анын өмүр жолунун башталышы 1916жылкы эл үркүнүнө, андан кийинки Улуу Октябрь революциясынын жер-жерлерде толук орношуна чейинки оор күндөргө туура келди. Тестиер курагын Турпан тоолорун жөө-жалаңдап ашуу менен баштап, ата-энесинен бир туугандарынан ажырап, дунган айылы Каракоңузда жалгыз калды. Атасы Муса деген дунган байында малай жүрүп, кордолуунун чегине… Кененирээк »