Tag Archives: түндүк

ЧАМГАРАК

ЧАМГАРАК — түндүктүн негизги бөлүгү. Аны чеберлер каалагандай жасай алышат. Ал кооздугуна карай үч-төрт катардан коюлушу ыктымал. Чамгарак тешиктери ууктукуна карама-каршы үстүнөн тешилет. Эми баскак болсо чамгарактын үстүнө түшөт. Ал чамгарактардын жылып кетпеси жана кооздук үчүн коюлат. Жалпы алганда Баскак кандайдыр көркөм оюм түспөлүндө берилет. Муну усталар кол жеткистей кармоодо.

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз… Кененирээк »

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен… Кененирээк »

КЕНЕСАРЫ КАСЫМОВДУН (ХАН КЕНЕ) ЧАПКЫНЫНА КАРШЫ ТҮНДҮК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БОШТОНДУК КЫЙМЫЛЫ

Май-Төбө, Мыкан салгылашуулары. Ормон хандын согуштук искусствосу. Хан Кененин чапкыны Элчилердин иш-аракети. Кенесарынын баскынчылык жортуулдарынын себептери жана өбөлгөлөрү.

КОКОН ХАНДЫГЫ. ТҮНДҮК КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАНДЫН КОКОН ХАНДЫККА БИРИКТИРИЛИШИ. КЫРГЫЗ-ОРУС ЭЛЧИЛИК БАЙЛАНЫШТАРЫ.

Кокондук аскерлердин алгачкы жортуулдары. Кыргыздардын хаңдыктын саясий турмушуна катышуусу. Кокондук аскерлердин XIX к. 20—30-жж. баскынчылык жортуулдары Кокондук чептердин курулушу. Түндүк Кыргызстандын Орусия менен элчилик алакалары.