ТӨЛ СӨЗДӨРДҮ ТАРЫХЫЙ АСПЕКТИДЕ КАРОО
Адам сезиминде чагылдырылган түшүнүк сөз менен белгиленет. Сөздүн тыбыштык түзүлүшү – турпат, билдирген туюнтмасы – мазмун. Мазмун турпаты менен таанылат. Турпаты жок мазмун, мазмуну жок турпат болбойт. Бул экөө бир жашап, тең жүргөнү менен булар да өзгөрүлөт.