Tag Archives: уюм

САЯСИЙ УЮМ

САЯСИЙ УЮМ (коомдо) – институттар системасы; анын чегинде коомдун саясий турмушу, анын саясий  системасынын башкаруучу бөлүгү өтөт. С. у-дун жетектөөчү элементи – мамлекет болот. Бийлик, материалдык  ресурстар жана мажбурлоо аппаратына ээ болуу менен бирге С. у. өлкөнүн саясий системасынын институттарынын  укуктук статусун жана алардын ишмердүүлүгүнүн юридикалык чектерин орнотот; таптардын, улуттардын, коомдогу  башка социалдык топтордун кызыкчылыгынын тен салмактуулугун камсыз… Кененирээк »

«ШУРА-И ИСЛАМ»

«ШУРА-И ИСЛАМ» (ар. «Ислам кеңеши») – 1917–18-ж. Түркстандагы диний-саясий уюм. 1917-ж. мартта Ташкенде түзүлгөн. Ага улуттук буржуазия, улутчул интеллигенция, мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген. «Ш.-и И.» убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин өкүлү болуп, жергиликтүү капиталисттердин ж-а жер ээлеринин кызыкчылыгын көздөп, Россиянын курамында Түркстан улуттукмусулман автономиясын түзүү ж-а менчик үчүн күрөшкөн. Анын бөлүмдөрү Түркстандын бардык шаарларында иш жүргүзгөн. «Ш.-и И-да»… Кененирээк »

ПРОФЕССИОНАЛДЫК УЮМДАР

ПРОФЕССИОНАЛДЫК УЮМДАР, с а я с а т т а – азыркы коомдогу түрдүү социалдык жана профессионалдык  катмарлардын жана топтордун социалдык – экономикалык жана корпоративдик кызыкчылыктарын чагылдырган  бирикмелер жана союздар. Саясий уюмдар (партиялар) азыркы граждандык коомдун пирамидасынын чокусунда турса,  анын экинчи, кеңири катмарын профессионалдык жана корпоративдик уюмдар түзөт. Алар саясий партиялардын түздөнтүз көзөмөлүндө же кыйыр таасиринде болушу мүмкүн.… Кененирээк »

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ООН)

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ООН) – эл аралык уюм, башкы максаты – эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту  колдоо жана коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. БУУнун уставынын алгачкы долбоору 1944-ж.  август–октябрь айларында Думбартон-Окс (АКШ) конференциясында иштелип чыккан. БУУнун Уставы күчүнө кирген  24-октябрь (1945-ж.) жыл сайын белгиленет. БУУнун Уставы кириш бөлүмдөн жана II статьядан турат, анда БУУнун Эл  аралык сотунун Статусу… Кененирээк »

КООМДУК САЯСИЙ УЮМДАР

Коомдук саясий уюмдар Эгемендүү мамлекеттин калыптанышына Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар орчундуу салымдарын кошуп келүүдө. Жалгыз КП үстөмдүк кылган учурда айкындуулук болбой, компартиянын багытына каршы чыккандар аеосуз жазаланып, куугунтукталып келген. Өлкө демократиялык жолдон четтеп, буйрукчул-тоталитардык тартипте жашады. 1991-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон өттү. Кыргыз демократиялык кыймылынын курамында 1991-жылы октябрда – Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, 1992-жылы… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ УЮМДАРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

1917-ж. жазында жана жайында Кыргызстандын калкынын бардык катмарлары саясийтурмушка активдүү тартыла баштаган. Март айында Сүлүктүдө, апрель-июнь айларында Пишпекте, Ошто жана Кызыл-Кыяда социал-демократиялык топтор түзүлгөн. 1917-ж. жайында Пишпекте Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» улуттук партиясынын жергиликтүү бөлүмү түзүлгөн. Бул партия 1917-ж. майда Казакстанда (Оренбург шаарында) түзүлүп, анын башында Алихан Вукейханов менен Ахмет Байтурсынов өңдүү буржуазиялык-демократиялык багыттагы казак интеллигенциясынын өкүлдөрү турган.… Кененирээк »