Tag Archives: хан

МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уул

МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уулу (1832–1862) –1858–62-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Кудаяр хандын аталаш агасы (кыргыздардын оң канат бөлүгүнө кирген багыш уруусунун кызы Сонайымдан төрөлгөн). Кудаяр хан бийликте турган кезде, ал Анжиян ш-нын акими болгон. Кудаяр хандын эл камын ойлобогон бийлигине наа-разы Малабек кыргыз, кыпчак төбөлдөрү-нө таянып, бийликти алуу үчүн күрөш   146 баштаган. Ал кыймылга алайлык кыргыздардын бийи… Кененирээк »

ОРМОН ХАН

ОРМОН хан Ныязбек уулу (1791–1854) – 19-кылымдын ортосунда кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз  мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттенген саясий ишмер. 18 жашынан согуштук жүрүштөргө катышкан. Ормон хандын  өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга – кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келди.  Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган. Анын атак- даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын  арасында дагы таасири күчөйт.… Кененирээк »

МАНАП

МАНАП – Совет бийлигине чейинки кыргыз коомунда эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү, өз уруу мүчөлөрүн  соттоого укуктуу жана аларга уруу чабыштарында жетекчилик кылуучу уруу башчысы. Укугу жагынан бий, М.  биринен-бири эч кандай айырмасы деле жок. ХVШ к. баатыр, тектүү бий гана М. деп аталган. ХIХ к. башынан М. наамы  жана бийлик мураска калтырыла баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине… Кененирээк »

КАЗЫ

КАЗЫ, к а д и й – мусулман өлкөлөрүндө шарият жолу менен тергөөгө алып, тийиштүү чечим чыгаруучу сот, Орто  кылымдарда К. ар кыл документти күбөлөндүрүүнүн (нотариустун) да милдетин аткарган: жетимдерге көз салган же  аларга көз салып туруу үчүн адамдарды дайындаган; кылмыш иштери же граждандык иштер боюнча өкүмдөрдүн  аткарылышын көзөмөлдөгөн. XIX к. жана ХХ к. башында ак сөөктөр сотунун… Кененирээк »

ДАТКА

ДАТКА (фарсыча «дадхох» – «адилетти сүйүүчү», «адилетти каалоочу», «адилетчил») – мансап даражасы. 1. Бухара,  Кокон жана Хива хандыктарынын убагындагы жогорку мансап. Амирдин атына келген арыздарды кабыл алып, анын  жообун арыз ээсине билдирип туруучу адам. 2. Кокон хандыгындагы ири феодал төбөлдөрүнө берилген аскердикакимдик чин. Бул чинди алгандар Кокон ханынын саясатын жүргүзүүгө белгилүү деңгээлде милдеттүү болушкан. Д.  негизинен жергиликтүү бийликтин… Кененирээк »

БИЙ

БИЙ – көчмөн жана жарым көчмөн түрк элдеринде уруу башчысынын мансап наамы же даражасы; дубанды, аймакты  бийлеген. XIX к. аягы ХХ к. башында кыргызда Б. – уруу (урук) башчысы болуу менен бирге саясий, акимдик, чарбалык  жана соттук милдеттерди да аткарган; Б-дин даражасы мурас катары атадан балага өткөн. ХIХ к. биринчи жарымында Б.  мансабы орто жана майда манаптарга, каада-салтты… Кененирээк »

ЖОЛОЙ КАН

Аталып жаткан эпос өткөн кылымдын орто ченинде дүйнөгө атагы чыккан немец окумуштуусу В. В. Радловдун назарына бекеринен түшпөсө керек. Кыргыз элинин белгилүү эпостору «Манас» жана «Төштүк» менен бирдей даражада баатырдык эпос катары «Жолой канды» жазып алуунун өзү эле окумуштуунун эпикалык чыгарманы баалай билгендиги болуп саналат. Ошон үчүн В. В. Радлов өзүнүн классикалык эмгегинин V томун кыргыздарга арнап, эпостор… Кененирээк »

КОКОН КӨТӨРҮЛҮШҮ. ПУЛАТ ХАН.

Көтөрүлүштүн себептери. Көтөрүлүштүн башталышы жана жүрүшү Алайлык кыргыздардын толкундоолору. Элдик кыймылдын күч алышы. Пулат хан. Чаткалдагы көтөрүлүш. Элдик кыймылдын экинчи этабы Элдик кыймылдын жаңы толкуну. Насрэддин хандын бийлиги. Пулат хандын хан көтөрүлүшү. Көтөрүлүштүн басылышы.

КЕНЕСАРЫ КАСЫМОВДУН (ХАН КЕНЕ) ЧАПКЫНЫНА КАРШЫ ТҮНДҮК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БОШТОНДУК КЫЙМЫЛЫ

Май-Төбө, Мыкан салгылашуулары. Ормон хандын согуштук искусствосу. Хан Кененин чапкыны Элчилердин иш-аракети. Кенесарынын баскынчылык жортуулдарынын себептери жана өбөлгөлөрү.