Tag Archives: чыгарма

ТОГОЛОК МОЛДОНУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ.

Заманыбыздын залкар акыны Т.Молдо биринчилерден болуп балдар үчүн чакан көлөмдөгү ырлардан тартып, көлөмү жагынан чоң элдик уламыштарды поэмаларга чейин иштеп, реалисттик эпикалык чоң чыгармаларга дейре жазган жазгыч акын. Кат-сабаты жоюлгандыктан өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө билген. Айрыкча анын балдарга арнап жазган чыгармалары акындын атын балдар адабиятынын негиздөөчүсү катары көкөлөтүп, кыргыз балдар адабиятынын тарыхында эң жаркын ысым катары кала… Кененирээк »

ДИДАКТИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР

Дидактика гректердин (Ийасисоз — «үлгү болорлук», «сабак болорлук» деген сөзүнөн алынган. Аталышы көрсөтүп тургандай эле адамды адамкерчиликке, ыймандуулукка, адеп-ахлакка үндөгөн акыл-насыят түрүндөгү чыгармалар жатат. Дидактикалык тек өз кучагына көп жанрларды камтыйт. Кыргыз фольклорунда башка элдерде анча учурай бербеген санат насыят, терме, үлгү үгүт, нуска сыяктуу аталыштары башка-башка болгону менен ички мазмуну, сырткы түзүлүшү бири-биринен анча айырмаланбаган үлгүлөрү кездешет.

«ЫР САБЫНДАГЫ ӨМҮР» ЧЫГАРМАСЫ ТУУРАЛУУ. КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

20-кылымдын 60-жылдары кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабияттын активдүү таасирин алып, акындар мурдагыдай партияны, колхоз-совхозду, эмгек алдыңкыларын, социалисттик чарбаны курулай мактап жазуудан оолактап, өздөрүнүн ички жандүйнөсүнө бүлүк берген ойлорду, ички сырларын, жазбай коюуга мүмкүн болбогон абалга алып келген дилдеги булкунууларды жазууга катуу киришти. Мына ушул алтымышынчы жылдагы акындардын бул изденүүлөрү сөз өнөрү менен алектенгендерден да, окурмандардан да дүйнөлүк адабиятты гана… Кененирээк »