Tag Archives: Чыңгыз

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу… Кененирээк »

Ч.АЙТМАТОВДУН «КАССАНДРА ТАМГАСЫ» РОМАНЫ ТУУРАЛУУ

Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы көтөрүлгөн глобалдык проблемаларды жан дүйнөм менен кабылдап, ойдон ойго чөмүлүп, Жер менен Космостун чексиз мейкиндигинде жан-алакетке түшүп жатканда негедир элибиздин ой менен сөздүн эң бийик, ыйык синтезин көрсөткөн ташка тамга баскандай элестүү да, көркөмдүү да, маанилүү да терең асыл касиет — кереметтерди камтыган өмүр менен өлүмгө, адам жана коомго байланыштуу нечендеген макал-лакаптарын айласыз… Кененирээк »

Чыңгыз Айтматов «КАССАНДРА ТАМГАСЫ»

Бул сапар да баягыдай иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды. Ооба, баягы качандыр бир болуп кеткен дүйнөгө маалым түбөлүктүү сюжеттегидей болду. Анан кийинки окуялардын бардыгы ошол айтылган Сөздөн келип чыкпадыбы… Антсе да бул күтүүсүз жагдайга биринчи кабылган адамдардын көпчүлүгү кийин жүрүп дал ошол окуяны өмүрүндөгү эң укмуштуу окуя катары мемуарларында жазышарын эч качан ойлошкон эмес. Анан калса бир… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.