ЫСЫК-КӨЛДҮК КЫРГЫЗДАРДЫН КОКОН ХАНДЫГЫНА КАРШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ
ЫСЫК-КӨЛДҮК КЫРГЫЗДАРДЫН КОКОН ХАНДЫГЫНА КАРШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ – Кокон хандыгынын бийлигине каршы Түндүк Кыргызстандагы кыймылдар. 1842-ж. бухаралык баскынчылар Кокон ордосун ээлеп, аларга каршы чыккан кыргыз-кыпчак феодал төбөлдөрү Шераалыны хан көтөрүп жаткан саясий оор кырдаалда Ысык-Көлдү жердеген кыргыздар Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөңдөгү кокондук чакан чептерди ээлеп, хандын төбөлдөрүн кууп жиберишкен. 50-жылдардын башында Ормон хандын демилгеси м-н Ысык-Көлдөгү кыргыздар кайра көтөрүлүп, Кокон… Кененирээк »