Tag Archives: эгемендүү

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУ

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстандын маданияты негизинен кризистик абалда болду. Ошону менен бирге республиканын маданияты өз алдынчалыкка ээ болуп, эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алды. Жалпы гуманитардык, адамзаттык байлыктарды элибиздин талабына ылайык өздөштүрүү маданият чөйрөсүнүн приоритеттүү багыты болуп калды. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында маданий тармактын нормативдик-укуктун базасын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. 1992-ж. «Маданият жөнүндө» закон, анын негизинде «Маданият» Мамлекеттик программасы иштелип чыккан. Маданий… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ

Бул багытта Кыргызстан эл чарбасынын бардык тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө аракеттенүүдө. Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык байланыштарды түзүүдө да биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен байланышты өнүктүрүүгө көңүл бурулган. 90-жж. биринчи жарымында Кыргызстандын экспорттук-импорттук байланышында Россия биринчи, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия андан кийинки орундарды ээлеп келген.… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨНҮН АБАЛЫ

Элдин жашоо деңгээлин, билимин жана маданиятын жогорулатуу, адамдын кадыр-баркын урматтап, укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу — ар бир мамлекетте биринчи кезекте милдеттүү түрдө турмушка ашырыла турган жалпы адамзаттык дөөлөттөр экендиги белгилүү. Көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин Кыргызстанда Совет доорунан калган социалдык маселелер чечилмек тургай, тескерисинче, алар ого бетер татаалдашууда. Экономикалык кризистен улам элдин турмуш деңгээли жыл сайын төмөндөп… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнүн мурунку системасы өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, рынок мамилелеринин шартында экономикасынын, техникасынын, маданиятынын талабына туура келбей калган. Кыргызстандын көз каранды эместиги жарыялангандан кийин билим берүү тармагын реформалоо иши жүргүзүлө баштаган. 1992-ж. декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Анда азыркы кезде билим берүүнүн борборунда адам, анын билим алууга болгон умтулуусуна жардам берүү тураары аныкталган. 1996-ж. «Билим жылы»делип… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМДИН АБАЛЫ

Азыр республикада ар түрдүү профилдеги 62 илимий жана маданий борборлор, институттар, долбоорлоочу мекемелер иштейт. Илимий мекемелерде 7405 адам бар. Алардын 190 илимдин докторлору, 1189 илимдин кандидаттары. Ар түрдүү илимий-изилдөө, долбоорлоочу-конструктордук жана технологиялык борборлордо 4548 адис эмгектенет. Экономикачөйрөсүндөгү кризистер мамлекеттин каржылоосунда турган илимдин тармактарына тескери таасир берген. Бир кезде союзга, ал тургай дүйнөгө белгилүү болгон илимий ачылыштарды жасаган Кыргызстандын илими… Кененирээк »

СССРДИН ТАРАШЫ. ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын III съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Мамлекетти башкаруунун бул формасынын киргизилиши улут аралык мамилелердин өзгөрүшү, плюрализмдин өнүгүшү, көп партиялуулуктун киргизилиши менен шартталган. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин контролдогон. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж.  27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилүү окуя болгон. Республиканын эгемендүүлүккө жетиши, СССРдин коомдук-саясий системасынын кординалдуу реформаланышы менен шартталган. Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо керек эле. Бул үчүн адегенде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (негизги закон) иштеп чыгып кабыл алуу милдети турган. 1990-ж. аягында эле жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу… Кененирээк »

ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ

Кыргызстан саясий көз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге көз каранды бойдон калган эле. Анткени республиканын өнөр жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондорунда чыгарылып, аны реализациялоодон түшкөн кирешелер ошол жакта калып калуучу. Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштар үзүлүп, республика финансылык жана материалдык… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АГРАРДЫК САЯСАТЫ

Эгемендүү Кыргызстандын жалпы жер аянты 19,6 млн га, анын ичинен айыл чарбасына жарактуу жер 10,6 млн га же 55,8 процентти түзөт. Жердин 44,2 проценти айыл чарбасына жараксыз. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин айдоосуна (огороддорду эсептегенде) 12,3 процент, дың жерлерге 0,1 процент, көп жылдык өсүмдүктөргө 0,4 процент, чөп чабындыга 1,7 процент, табигый жайытка 85,6 процент туура келет. Кыргызстандын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасын… Кененирээк »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН СОЦИАЛДЫК ТҮЗҮЛҮШҮ

Коомдун социалдык турмушунда анын социалдык түзүлүшү өзгөчө маанилүү орунда турат. «Коомдун социалдык түзүлүшү» деген түшүнүк өтө кеңири экендигин эске алуубуз керек. Социалдык түзүлүш өзүнө социалдык-демографиялык, социалдык-кесиптик, социалдык-таптык, социалдык—улуттук ж. б. түшүнүктөрдү камтыйт. Калктын санынын тез өсүшү өзгөчө совет бийлигинин соңку отуз жылына туура келген. Алсак, 1959-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 млн адам жашаган.… Кененирээк »