Tag Archives: Энесай

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ. Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун… Кененирээк »

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун жана башкалардын фундаменталдуу эмгектери ачык… Кененирээк »

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ

Тянь-Шань деп аталган «асман тиреген» тоолордун кыйыры чексиз. Анын түбөлүк кар менен мөңгү баскан бийик чокулары тоолордун этек-жакаларын байырлаган элдердин миңдеген жылдарга созулган тарыхынын күбөсү. Тянь-Шань өзүнүн өрөөндөрү менен капчыгайларында өткөндүн даңазалуу маданияты жөнүндө эскерүүлөрдү сактап турат. Мында миңдеген жылдар бою ар түрдүү элдер жашап, турмуш-тиричилигин өркүндөтүшкөн, бул жерде чыгармачыл маданий турмуш булактай оргуштап кайнап турган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет103. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Энесай кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу.

ЭНЕСАЙДА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ДИНЛИН ЭТНОГЕНЕЗИ

Кыргыз урууларынын тарыхын биздин заманга чейинки 201-жылдан бери тарта эсептөө кабыл алынган, анткени ошол жылы кытай булактарында биринчи жолу кыргыз аты кытай формасында цзянь-кунь же гэгунь деген транскрипцияда пайда болот. Уруунун аты тарыхый аренада уруу түзүлгөндөн кийин гана пайда болору шексиз нерсе. Бул жобо толугу менен кыргыздарга да тийиштүү. Биздин заманга чейинки үчүнчү кылымдын акыры — кыргыздардын биринчи… Кененирээк »