Tag Archives: эркиндик

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР – социалдык эркиндиктин (экономикалык, ыймандык, диндик ж. б. менен катар) түрү;  инсандын жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгына жана максаттарына ылайык аракет кылуу жөндөмдүүлүгү жана  мүмкүндүгү. С. э. мыйзам тарабынан бекитилген, граждандардын саясий ишмердүүлүккө катышуу укугу жана  мүмкүндүктөр системасы катары чыгат. Бул – граждандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги институту,  адамды саясий процесстин активдүү катышуучусу кылган демократтык түзүлүштүн… Кененирээк »

ГРАЖДАНДЫК УКУК ЖАНА ЭРКИНДИК

ГРАЖДАНДЫК УКУК ЖАНА ЭРКИНДИК – коомдун саясий, социалдык, маданий турмушуна катышууга  граждандардын конституциялык негиздеги статусу, дайыма БУУнун көзөмөлүндө турат. 1948-ж. 10-декабрда БУУнун  Генералдык Ассамблеясы «Адам укугунун жалпы декларациясын» кабыл алган. Бул укуктарга: инсанга кол тийгизбөө,  жеке, үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишпөө ж. б. баштап, коомдук турмушка таасир көрсөтүү ж. б. кирет. 1976-ж. 3-  январында БУУда «Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө… Кененирээк »

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-статья) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту билдирет. Б. с. э. – граждандардын өлкөнү башкарууга, чарбалык жана мамлекеттик аппараттын бардык звенолорунун ишинин так, натыйжалуу болушун… Кененирээк »

АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ

АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ – 1) адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп жана гарантияланып турган укуктар. Бул укуктар ар бир адамга төрүлгөндөн эле таандык болуп, мыйзамдык чектөөлөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз аракет кылат. Буларга – жашоо жана дененин кол тийбестиги укугу, кишинин кадырын сыйлоо, мыйзамсыз камоо жана кармоодон эркин болуу, ишеним жана абийир эркиндиги ж.… Кененирээк »

ЭРКТИН ЭРКИНДИГИ

ЭРКТИН ЭРКИНДИГИ (Свобода воли) — адамдын өз иш-аракетин өзү аныктоо жөндөмдүүлүгү. Байыркы грек маданиятында Э. э. философиялык түшүнүккө караганда юридикалык түшүнүктү көбүрөөк билдирген. Эркин адам — бул өзүнүн ата-бабаларынын жеринде жашап жаткан адам, анын карама-каршысы — бөтөн жерге алынып кетип, кулга айланган согуш туткуну. Гомердин доорунда эркин адам — бул мажбурлоосуз, өзү каалагандай жүргөн адам. Эркиндиктин эң бийик… Кененирээк »

АБИЙИР ЭРКИНДИГИ

АБИЙИР ЭРКИНДИГИ (Свобода совести) — граждандардын тигил же бул динди тутуусу же тутпоосу; диний көз караш, ишенимдерин коргоо, үгүттөө же динге ишенбөө, атеисттик ой-пикирин ачык айта алуу эркиндиги. Бир катар эл аралык укук жоболоруна ылайык — (Бүткүл дүйнөлүк адам укугу декларациясы (ст. 18); Граждандык ж-а саясий укуктар ж-дөгү эл аралык пакт (ст. 18), БУУнун уставына ылайык (ст. 55,… Кененирээк »

ЖАРАНДАРДЫН УКУГУН ЖАНА ЭРКИНДИГИН КОРГОО — МАМЛЕКЕТТИН МИЛДЕТИ

Жарандардын укуктары менен эркиндиктери Конституцияда жөн гана жарыяланып калбастан, ошол эле Конституция жана башка мыйзамдар тарабынан корголот жана алардын аткарылышы камсыз кылынат. Жарандардын укуктары жана эркиндиктери, биринчиден, мыйзамда бекемделиши менен, экинчиден, ошол жоболордун аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын түзүлүшү менен кепилдикке алынган.