Tag Archives: Эр Табылды

ЭР ТАБЫЛДЫ

«Эр Табылды» Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. Бизге Актан Тыныбековдун вариантынан башка эки варианты белгилүү. 1923-жылы К. Мифтаков ошол кезде Сыр-Дарыя областы, Олуя-Ата уезди аталган аймактын тургуну Дыйканбай уулу Ырысбайдан жазып алган нуска али да Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Манастаануу жана көркөм өнөр борборунун корунда сакталууда.

“ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу

«ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарых катарында эл көңүлүндө, ой-сезиминде күнү  бүгүнкүдөй сакталып, ал да окурмандардын көңүлүн толкутуп термелткен идеялык-мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма. Ал Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө  да кеңири айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. А.Тыныбековдукунан башка да варианты бизге белгилүү. 1932-ж. К. Мифтаков мурун Сырдарыя… Кененирээк »