АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Добавил | 01.08.2017
Алыкул Осмонов өтө кыска өмүр, сүрсө да, кыргыз совет адабиятын, асыресе поэзиясын профессионалдык даражага көтөрүшкөн, жаңы сапаттагы улуттук көркөм сөз казынасына салмактуу үлүш кошкон калемгер. Анын чыгармачылык мурасы көп сандаган ырлар менен поэмалардан, котормолордон, пьесалардан куралат. Бирок ал мурастын чордондуу жери — оригиналдуу поэтикалык чыгармалар.
Осмоновдун ысмы улуттук китепкөйлөрдүн аң-сезиминен ардактуу орун ээлеген. Анын мыкты ырлары, поэмалары, поэзиялык котормолору кайта-кайта басылып жатат, окуу китептеринен жана хрестоматиялардан түшпөй келет, айрым оригиналдуу жана котормо пьесалары республикалык театрларда коюлуп жүрөт.

Рефератты көчүрүү