Эң күчтүү сын — мезгил сыны, эң бийик жана эң туура чен өлчөм — мезгил чен-өлчөмү. Эч ким бералбаган курч бааны мезгил берет, эч ким көрсөтө албаган кемчиликти да мезгил көрсөтөт. Эч ким эч кимди мезгилче иргей албайт. Эч ким эч кимди мезгилче өз ордуна да коё албайт. Генийлер менен улууларды да, тубаса оргуган кара таланттар менен жазуучу пардасын жамынып алып катарга кошулуп жүргөндөрдү да газап аспабы алтынды жезден так ажыратып бөлүп бергендей накта өзүн ачып берчү адашпас даана сынчы да мезгил. Бир мезгилдин каталыгын да экинчи мезгил өзү оңдоп түздөйт.